Дасторкондо отурган адамдар. Архив

Жылкыбаев: Ошто айт күнү эл чакыргандарга да, баргандарга да чара көрүлөт

577
(жаңыланган 12:33 18.05.2020)
Облус жетекчиси тургундардын сооп алуу ниети болсо элди үйүнө чакыруунун ордуна, сойгон малынын этин таратып берүүнү сунуштады.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Орозо айт күнү үйүнө көп адам чакыргандарга да, конокко келгендерге да чара колдонулат. Бул туурасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев брифинг учурунда билдирди.

Облус башчысынан Алай районундагы Жошолу айылынын тургуну кошунасы айт күнү эки жылкы союп эл чакырууга камынып жатканын, "мамлекет 60 миң сом айып салса, төлөп коюп өткөрө берем" деп отурганын айтып, аны токтотуунун жолун сурады.

"Ал айып пулду төлөп коём деп өзүнүн байлыгына, мансабына чиренбеш керек да. Жалпы калктын саламаттыгын ойлонушубуз зарыл. Айып пулдун көлөмү 60 миң сом экенин азыр угуп жатам, аны да тактайбыз. Бизде эл чогулбаш керек деген талап бар. Ошондукан буга чакырган тарап гана эмес, келген адамдар дагы жооп берет. Аларга чара көрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Анан суранып кетерим, тууган-урук же кошуналарыңыздар айт күнү чакырып жатса барбай эле үйдөн дуба кылып коёруңузду айтыңыз", — деп кайрылды Жылкыбаев.

Ошондой эле ал облус тургундарын сооп алуу ниети болсо элди үйүнө чакыруунун ордуна, сойгон малынын этин таратып берүүнү сунуштады.

Кыргызстанда быйыл Орозо айт 24-майга туш келери болжолдонууда.

Белгилей кетсек, Ош облусунун 151 тургунунан коронавирус аныкталган. Бүгүнкү күндө анын ичинен 129у айыгып чыкты. Экөөнүн абалы оор, бирөө реанимацияда жатат. Үч бейтап оорунун кесепетинен кайтыш болуп калды. Өткөн суткада облуста беш адамдан COVID-19 чыкты.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1216 болду. Анын ичинен 827си айыгып, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

577
Белгилер:
чектөө, эл, орозо айт, Ош облусу, коронавирус
Тема:
Орозо — 2020 (21)
Тема боюнча
COVID-19: бир суткада төрт медик вирус жуктуруп, сегизи сакайды
Коронавирустан канча киши айыгып, канчасы дарыланууда? Аймактардын статистикасы
Ошто Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты курула баштады

ММУнун Оштогу филиалына Москвадан 100гө чукул адис келип, сабак бермекчи

17
(жаңыланган 20:38 29.05.2020)
Окуу жайга алгач 90го чейин абитуриентти кабыл алуу пландалып жатат. Студенттер бир нече адистик боюнча билим алат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. ОшМУнун алдында ачыла турган Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты аталган калаада курула баштады. Келечекте ал жерге Россиядан жүзгө чукул адис келип билим берет. Бул тууралуу ОшМУнун маалымат кызматы билдирди.

  • ОшМУнун алдында ачыла турган Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты аталган калаада курула баштады
    © Фото / пресс-служба ОшГУ
  • Келечекте ал жерге Россиядан жүзгө чукул адис келип билим берет
    © Фото / пресс-служба ОшГУ
  • Бул тууралуу ОшМУнун маалымат кызматы билдирди
    © Фото / пресс-служба ОшГУ
1 / 3
© Фото / пресс-служба ОшГУ
ОшМУнун алдында ачыла турган Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты аталган калаада курула баштады

Анда курулуш иштерине Ош мамлекеттик университетинин бюджеттен 76 миллион сом бөлүнгөнү айтылган.

"Окуу жайдын филиалы күз айларында курулуп бүтүп калат. Капсула салуу аземине ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин катышты. Филиал ОшМУнун алдында ачылат. Алгач 60тан 90го чейин абитуриентти кабыл алуу пландалып жатат. Студенттерге Москвадан келген жүзгө жакын адис билим берет", — деп айтылат маалыматта.

Университеттин филиалында студенттер колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктерине билим ала алышат. Аны ачуу демилгеси 2019-жылы Кыргызстан менен Россия президенттеринин жолугушуусунда колдоого алынган.

ОшМУнун маалымат кызматы 28-май күнү Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесинин алкагында Россиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун биргелешкен кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге кол коюлгандыгын да билдирди.

Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети – дүйнөдөгү эң чоң жана тарыхый университеттердин катарына кирет. Курамында 15 илимий-изилдөө институт, 43 факультет бар. Ошондой эле Казакстан (Нур-Султан), Өзбекстан (Ташкент), Азербайжан (Баку), Тажикстан (Душанбе), Армения (Ереван) жана Словенияда (Копер) филиалдары бар.

17
Белгилер:
Ош мамлекеттик университети (ОшМУ), Москва, курулуш, окуу жай, Ош, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Кеңсенин доору бүттүбү? Кыргызстандыктар аралыктан иштөөгө кандай карайт
Кыргызстандын желеги жана акча. Архивдик сүрөт

Тышкы карыз көйгөйү кантип чечилет? Жээнбековдун сунуштарына түшүндүрмө

38
(жаңыланган 18:08 29.05.2020)
Эске салсак, 28-майда "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу эл аралык онлайн форматындагы форумга Кыргызстан да катышкан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков 28-майда өткөн эл аралык форум боюнча өз оюн билдирип, президенттин сунуштарына түшүндүрмө берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эске салсак, 28-майда "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу эл аралык онлайн форматындагы форумга Кыргызстан да катышкан. Анда Сооронбай Жээнбеков тышкы карызды чечүүнүн үч этабын сунуштаган. Биринчи этабында "тышкы карызды терең реструктуризациялоо зарыл" деп жазылып турат.

Сыдыков карызды реструктуризациялоо маселесине токтолгон.

"Карызды реструктуризациялоо — өкмөт белгилүү бир долбоорду жүзөгө ашырып, аны каржылап, өзүнүн бюджеттик каражаттарын бөлүп берет дегенди түшүндүрөт. Ал эми тышкы карызды берген өнөктөш өлкө карыздарын кечет. Мунун баары тиешелүү келишим менен даярдалат", — деди Сыдыков.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы өкмөт жакын арада бул маселе боюнча конкреттүү сунуштарды даярдап, өзүнүн көз караштарын билдирет деп кошумчалады. Ошондой эле тышкы карызды терең реструктуризациялоо жаатында өнөктөш мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрөт деген ишенимин билдирди.

"Дүйнөдө мындай тажрыйбалар колдонулуп келет жана бул кадыресе көрүнүш", — деди Сыдыков.

Февраль айына карата берилген маалымат боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 миллиард доллар. Анын ичинен 3,9 миллиарды — тышкы карыз.

38
Белгилер:
сунуш, форум, Тышкы карыз, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Быйыл Кыргызстан тышкы карызын кайсы валюталар менен төлөйт