Күтүп отурган адамдар. Архивдик сүрөт

ИИМ "Гансиге" жайгаштырылгандар эмне себептен жаңжал чыгарганын айтты

(жаңыланган 14:35 18.05.2020)
Министрдин орун басары обсервация жайында мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыла турганын убадалады.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов  "Ганси" аталышындагы Американын мурдагы аскерий базасынын аймагында жайгашкан "Семетей" обсервациясындагы жаңжал эмнеден чыкканын айтып берди.

Мурдараак обсервацияда жаткандар чуу чыгарып, медиктерге кол салганы айтылган. Ал жайга милиция кызматкерлери тартылган.

Каниметовдун айтымында, аталган обсервацияда Соль-Илецкиден келген 432 кыргызстандык жатат.

"Кээ бир адамдар ПЦР-анализинен коронавирус аныкталып, жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылгандар үй карантинине чыгып жатат деген жалган маалымат тараткан. Мындан улам башкалары дагы коё берүүнү талап кылып чыгышкан", — деди Каниметов.

Ошондой эле ал Саламаттык сактоо министрлиги түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады. Аны менен катар эле мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыла турганын убадалады

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1216 болду. Анын ичинен 827си айыгып, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Белгилер:
Мирлан Каниметов, медик, Жаңжал, Мигрант, Соль-Илецк, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2647)
Тема боюнча
Оренбургдан келген 55 жарандан COVID-19 чыкты. Алар жаңжал чыгарганы айтылды
Соль-Илецкиден келген эне-бала COVID-19 менен ооруканага түштү
Археологиялык казуулар. Архив

Бишкектен анча алыс эмес жерде балбал таш табылды. Сүрөт

(жаңыланган 22:16 14.04.2021)
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Обнаруженный в грунте балбал в селе Интернациональном недалеко от Бишкека
© Фото / предоставлено Павлом Камаевым
Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган

Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.

"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.

Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигине барган.

"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.

Вид на Государственный исторический музей в центре Бишкека во время реконструкции
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады

Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

Белгилер:
табылга, эстелик, таш, балбал, Чүй облусу, Бишкек
Тема боюнча
Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек
Бишкектеги Курманжан Датка эстелиги. Архивдик сүрөт

Бейшембиге карата аба ырайы

Күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +21…+26, Талас жергесинде +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градуска чейин көтөрүлөт.

Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +24…+26 градус жылуу болот.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Бишкекте түркүн түстүү жоогазындар гүл ачты. Ажайып сүрөттөр