Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Абылгазиев обсервацияда чуу салган жарандарга кайрылды

(жаңыланган 15:16 18.05.2020)
Өкмөт башчы 18-марттан тарта чет өлкөдөн келген 351 адамдан коронавирус аныкталганын белгиледи.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев обсервацияга жайгаштырылган жарандарга кайрылуу жасады.

Белгилей кетсек, Соль-Илецкиден келгендер обсервацияда чуу чыгарып, медиктерге кол салганы айтылган.

Өкмөт башчы мекендештерди этап-этабы менен алып келүү иштери уюштурулуп, алар үчүн обсервация жайларында зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

"Бардык санитардык талаптар сакталган эки кишилик бөлмөлөр уюштурулган. Медицина жана милиция кызматкерлери, куткаруучулар өз өмүрүн тобокелге салып, күн-түн дебей иштеп жатат. Алар эң жакын адамдарынан обочолонуп, үй-бүлөсүн көптөн бери көрбөй жүрүшөт", — деп эскертти Абылгазиев.

Ошондой эле ал 18-марттан тарта чет өлкөдөн келген 351 адамдан COVID-19 аныкталганын белгиледи.

"Соль-Илецкиден келгендерден 101 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Бирок айрымдары обсервацияга келгенден тарта медицина кызматкерлерине каршылык көрсөтүүдө. Алар башкалардын саламаттыгына коркунуч жаратып, тынчын алып, тартип бузушууда. Кайталап алынган анализи вирус жок экендигин көрсөткөндө гана үйүнө чыгарыларын белгилеп кетким келет! Жарандарыбыз кандай оорчулуктарга туш болгонун түшүнүп турабыз. Мекенине келүүнү көпкө күтүшкөн, бирок биз үчүн эң башкысы — оорунун жайылышына жол бербөө", — деди Абылгазиев.

Сөзүнүн соңунда премьер вирустун жок экендиги аныкталганда гана үй карантинин сактоо үчүн аларды жашаган жерлерине жеткирүү уюштуруларын айтты. Биринчи кезекте туугандардын жана жакындардын, коомдун алдындагы жоопкерчиликти эстен чыгарбоого чакырды.

Өкмөт башчы компетенттүү органдарга түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, ошондой эле обсервацияларда тартипти сактоо жана медицина кызматкерлеринин иштөөсүнө шарт түзүү боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1216 болду. Анын ичинен 827си айыгып, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Белгилер:
Мухаммедкалый Абылгазиев, өкмөт, Жаңжал, мигранттар, Соль-Илецк, коронавирус
Тема боюнча
“Ганси” обсервациясында жаткандар чуу чыгарып, медиктерге кол салганы айтылды
Шектүүлөр текшерилет. Облус башчысы Ысык-Көлгө кирип-чыгуу шарты тууралуу
Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты

Бишкектин борбордук аянтында кайрадан митинг өтүүдө. Видео

(жаңыланган 14:19 19.04.2021)
Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар Кыргызстанга Абхазия өлкөсүнөн келген унааларды мыйзамдаштырууну талап кылышууда.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар адегенде бир убакта сигнал басып, Садыр Жапаровдун жолугушууга чыгышын талап кылышкан. Милиция ызы-чуу чыгарууга жол берилбей турганын айткандан кийин чогулгандар Өкмөт үйүнүн парад өтүүчү жагына барышкан.

Нааразычылыкка чыккандар Кыргызстанга ташылып келинген абхазиялык номер тагылган автоунааларды мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышты. Алардын алдына өкмөттүн өкүлү чыгып, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Белгилер:
талап, унаа, номер, Абхазия, митинг
Тема боюнча
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн
Кыргызстандык делегация Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн Жай - 2021 деп аталган туристтик көргөзмөсүнө катышты

Кыргызстандын өкүлдөрү Екатеринбургдагы туристтик көргөзмөгө катышты

(жаңыланган 14:04 19.04.2021)
Көргөзмөдө делегация мүчөлөрү Ысык-Көл аймагынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, ал катышуучулардын жана коноктордун кызыгуусун арттырды.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстандык делегация Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн "Жай - 2021" деп аталган туристтик көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

  • Стенд Кыргызской Республики на международной туристической выставке ЛЕТО-2021 в Екатеринбурге
    Кыргызстандык делегация Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн "Жай - 2021" деп аталган туристтик көргөзмөсүнө катышты
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Стенд Кыргызской Республики на международной туристической выставке ЛЕТО-2021 в Екатеринбурге
    Иш-чара 16-17-апрель күндөрү өттү. КР делегациясына Екатеринбургдагы Башкы консулдук колдоо көрсөткөн.
    © Фото / пресс-служба МИД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МИД КР
Кыргызстандык делегация Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн "Жай - 2021" деп аталган туристтик көргөзмөсүнө катышты

Иш-чара 16-17-апрель күндөрү өттү. КР делегациясына Екатеринбургдагы Башкы консулдук колдоо көрсөткөн.

"Делегация курамына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Руслан Бийбосунов, Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Самат Шатманов жана Ысык-Көлдөгү санаторийлердин өкүлдөрү катышты", — деп айтылат маалыматта.

Жарманкеде Ысык-Көл облусуна өзгөчө "Өнөктөш регион" статусу берилгени айтылат.

Иш-чарада делегация өкүлдөрү Ысык-Көл аймагынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү. Бул өз кезегинде катышуучулардын жана коноктордун кызыгуусун арттырды. Мындан сырткары, алар кызматташуу боюнча россиялык жана чет өлкөлүк кесиптештери менен көптөгөн жолугушууларды өткөрүп, бир катар макулдашуу жана келишимдерди түзүүгө жетишкен.

Иш-чарада Кыргызстандын көргөзмө павильону кызыктуу, мыкты жасалып, катышуучулар жана коноктор көп киргени айтылат. Аны Екатеринбург шаарында жашаган мекендештердин колдоосу менен Башкы консулдук жасаган. Келгендердин баары улуттук суусундуктардан, боорсок жана кургатылган жемиштерден ооз тийип кетишкен.

"Кыргыз делегациясы "Жай - 2021" эл аралык көргөзмөдө Челябинск облусунун туристтик чөйрөсү жана ири өнөр жай ишканаларынын профсоюзу менен жолугушууларды өткөрдү. Анын жыйынтыгы менен Екатеринбург – Тамчы (Ысык-Көл) авиакаттамын ачуу, кызматташуунун кошумча мүмкүнчүлүктөрү жана Кыргызстанга Россиянын Урал аймагынан туристтердин агымын арттыруу маселелери каралган", — деп айтылат билдирүүдө.

Көргөзмө Россиянын Федералдык туризм агенттигинин, Свердлов облусунун инвестиция жана өнүгүү министрлигинин, Россиянын туриндустрия союзунун колдоосу менен Урал туристтик ассоциациясы тарабынан уюшулду. Ага Кыргызстандан тышкары Армения, Болгария, Чехия, Хорватия, Малайзия, Израиль жана башка өлкөлөрдүн делегациялары катышкан.

Белгилер:
Ысык-Көл, катышуучу, көргөзмө, Екатеринбург, Россия
Тема боюнча
Кадыралиев: бизге туристтер көбүнчө Казакстандан жана Россиядан келишет
ТИМ башчысы КМШдагы кесиптештери менен маанилүү документтерге кол койду