БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандыктар алдыдагы 23, 24, 25-май күндөрү үч күн бою эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмут Ойтемиров билдирди.
“Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, мусулмандардын Орозо жана Курман айт майрамдары, 7-январь - Православдардын Рождество майрамы дем алыш күнгө туш келип калса, ал майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат”, — деди Ойтемиров.
Бул беш күндүк иш тартибинде иштеген мекемелерге тиешелүү. Ал эми алты күндүк иш тартибинде иштегендерди жетекчилиги шартка ылайык эс алдыруу жолдорун карашат.
Эске салсак, келе жаткан жекшемби, 24-май күнү, Орозо айт майрамы болуп белгиленди.
Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.
Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.
"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.
Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.
Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылган "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкеринин абалын билди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, бир нече күн мурун таңкы саат 6:30да ишкананын кызматкери Мадина Токобаева апасы Жылдыз Орозалиева менен Каралаев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолду тазалап жатышкан.
"Эки кызматкер тең өңү чагылышып турган атайын жилеттерди кийгени менен Каралаев көчөсү менен түштүк-чыгыш тараптан катуу ылдамдыкта келе жаткан BMW үлгүсүндөгү кара түстөгү унаа Мадина Токобаеваны сүзүп кеткен. Ал бети-башы канжалап, эс-учун жоготуп жатып калган. Энеси айдоочунун унаасынын номерин караганга жетишкен эмес, ал из жашырып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Токобаева Тез жардам кызматынын унаасында эсине келген, учурда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда. Мээси чайкалып, буту сынып, көзү-башы көгөрүп, шишигени белгилүү болду.
"Бүгүн мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана вице-мэр Жамалбек Ырсалиев ооруканага келип кызматкердин абалын билип кетти. Кыздын абалы бир аз жакшырып, өз алдынча отуруп калды", — деп жазылган билдирмеде.
Мэрия кошумчалагандай, жол кырсыгынан кийин айдоочунун тууганы делген Фархад аттуу адам Токобаеванын дарылануусуна жардам бергени айтылган. Рулда 17 жаштагы бала болгон. Жол кырсыгынын себеби аныкталып жатат.
Ошондой эле "Тазалыктын" кызматкерлери камсыздандырылганы, ишкана материалдык жардам көрсөткөнү белгиленди.