Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековДжайлоо Иссык-Кульской области
Джайлоо Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагы боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. 19-май, шейшемби күнү, республика боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.

Гроза над Бишкеком - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги көз жоосун алган чагылган. Социалдык тармактардагы сүрөт жана видеолор
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +15…+20, Таласта +14…+19, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +19…+24 жана Ысык-Көл менен Нарында +13…+18 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы борбор калаада +16…+18 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто термометрдин көрсөткүчү +22…+24 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0