Мэрия: 21-майдан тарта бир катар соода борборлор ишин баштайт

© Sputnik / Медиабанкка өтүүСитуация в Минске в связи с коронавирусом
Ситуация в Минске в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын билдирмесине ылайык, соода борборлору жумушту баштоого даярдык көрүп жатышат. Айрымдары коронавирустан сактанууга жоопкерчиликтүү мамиле жасап, кызматкерлери жана коноктор үчүн атайын эрежелерди иштеп чыгышкан.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Республикалык штабдын планы боюнча, 21-майдан тарта соода тармагы жанданып, соода борборлору иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өлкөдө эпидемиялык абал турукташып калганда, 21-майдан тарта калкты тейлөө борборлору, мончо, СПА-салон, репетитор жана тиричилик кызматын көрсөткөндөрдүн иши жанданат.

"Соода борборлору жумушту баштоого даярдык көрүп жатышат. Айрымдары коронавирустан коргонууга жоопкерчиликтүү мамиле жасап, кызматкерлери жана коноктор үчүн атайын эрежелерди иштеп чыгышкан", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия калаа тургундарына санитардык талаптарды аткарып, тез-тезден колду жууп туруу керек экенин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0