Временные ограничения на въезд в Оше из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстан COVID-19 менен кантип алышууда? Абал боюнча тексттик трансляция

Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар бир күнү азыраак чыгып сүйүнтсө, кээде 50-60тан ашып кетип жатат. Бейтаптар чекесинен айыгып чыкканы менен жуктургандардын аягы али сууй элек. COVID-19 сырттан келген мигрант, курсант, айдоочулардан табылып убарага салууда.

Өлкөдө өзгөчө абал режими алынганы менен өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Айрым мекеме, ишканалардын жумушу жанданып, Бишкектеги жашоо да мурдагы калыбына келе баштаган. Кыргызстанда коронавирус аныкталгандардын басымдуу бөлүгү айыгып чыкты.

Өлкөдө бүгүн абал кандай болот? Кандай чаралар көрүлүп, эмне өзгөрүү бар? Sputnik Кыргызстан агенттиги бардык маалыматты тексттик трансляцияга сыйдырмакчы.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:46 19.05.2020
17:00 19.05.2020

Россиянын Соль-Илецк шаарынан алып келинип, "Семетей" обсервациясында чыр-чатактан кийин чыгарылгандар Таласка барганда беш күндүк карантинге алынды. Бул туурасында өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Стационар для лечения пожилых пациентов с коронавирусом открылся в Москве - Sputnik Кыргызстан
"Гансидеги" обсервациядан чыр салып чыгарылгандар Таластан карантинге алынышты
16:55 19.05.2020

Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 4 миллион 805 миӊ 544 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен  318 миӊ 596 адам каза болду.

  • АКШ – 1 508 957 (каза тапкандар – 90 369)
  • Россия – 290 678 (каза тапкандар – 2 722)
  • Бразилия – 255 368 (каза тапкандар – 16 853)
  • Улуу Британия – 247 709 (каза тапкандар – 34 876)
  • Испания – 231 606 (каза тапкандар – 27 709)
  • Италия – 225 886 (каза тапкандар – 32 007)
  • Франция – 180 051 (каза тапкандар – 28 242)
  • Германия – 176 551 (каза тапкандар – 8 041)
  • Түркия – 150 593 (каза тапкандар – 4 171)
  • Иран – 122 492 (каза тапкандар – 7 057)

Маалыматты COVID-19 боюнча Республикалык штаб даярдап, таратты. 

15:36 19.05.2020

“Эшикке максатсыз көп чыкпагыла, санитардык эрежени сактагыла, кооопсуздукту сактаганга аракет кылышыңыздар керек. Эгерде оорунун клиникалык белгилери байкалса, күтүп жата бербей, дароо медиктерге кайрылыңыз”, - деди Каратаев. 

 

15:33 19.05.2020

“Мэриянын имараты жабылды. Жетекчиликтен чыгып калганына байланыштуу, кечээ 72 саатка жапты. Ал жерде Нарын райондук админстрациясы да бар экен. Андыктан, текшерүү иштери жүрүп жатат. Таза чыккандар аралыктан иштеп турушу керек”, - деди Каратаев.

15:26 19.05.2020

"Нарында медициналык кызматкерлер жетиштүү эмес. Мурда күнү Бишкектени 2 эпидемиолог келди. Ак-Талаага да жөнөтөлү деп турабыз", - деди Каратаев. 

15:25 19.05.2020
15:25 19.05.2020
15:24 19.05.2020
15:20 19.05.2020
15:19 19.05.2020

"Абал бүгүн Нарын шаары менен Ак-Талаада курч болуп турат. Ат-Башы, Жумгал, Кочкордо жакшы. Нарын районунда турукташып калды. Учурда 664 мединалык кароодо турат", - деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев. 

15:07 19.05.2020

"36 кишиге карантин эрежесин бузганы үчүн айып салынган. Айыптын суммасы 108 миң сом, ал эми  өндүрүлгөнү 36 000 сом", - деди Боронов. 

15:00 19.05.2020

“Бишкекте айт намаздын окулар-окулбасы туурасында тиешелүү тараптар жакынкы күндөрү  айтат. Бул жаатта ар кыл өлкөлөр ар кандай чечимдерди кабыл алып жатат. Бул боюнча кошумча маалымдайбыз”, - деди Боронов.  

 

14:59 19.05.2020

"Нарында азыр өзгөчө абал киргизилбейт. Учурда Бишкектен барган адистер, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев баштаган топ ошол жерде жүрөт. Бүгүн абал бир топ жакшырып калды. Азыр адистер иштеп, абалды карап жатат, көзөмөлдөп турабыз. Ал жердеги оорукана жетекчилиги ишинен кемчилик кетирген", - деди Боронов.

14:51 19.05.2020

“Бала бакчалардын ачылышы боюнча бир топ-талаш тартыш болду. Акырында аны июнь айына калтырдык”, - деди Боронов.

14:51 19.05.2020

"Ишканалар, базарлар иштеп баштагандан кийин ар бир ишкер санитардык  эрежени катуу сакташы керек.  Андан сырткары элди бейчеки эшикке чыкпагыла деп чакырып кетебиз. Зарылдык болсо бет кап тагынып, коопсуздук эрежесин сактагыла”, - деди Боронов.

14:40 19.05.2020

Кийим кечек, өнөр жай товарларын саткан базарлар ачылып иштейт баштайт: 

  • “Дордой”, “Орто-Сай”, “Ош”, “Кара-Суу” сыяктуу ири базарлар;
  • коомдук тамактануу жайлары (50 орундан ашпаган);
  • Коомдук транспорт ишин баштайт. 
14:38 19.05.2020

Калкты  тей борборлору ЦОН, ГРС тармагы, курулуш тармагы боюнча борборлор иштеп баштайт. Андан сырткары автоунааларды каттоочу бөлүгү иштейт.

Бут кийим, саат оңдоо, эмерек чогултуу, оңдоогон ишкалар иштейт.

Соода борборлору иштейт. Анын ичиндеги тамак-аш жайлары, балдар ойноочу аянттар иштебейт.

Авто жана мал базарлар иштей баштайт.

14:33 19.05.2020

“Бүгүнкү күндө тоңдурулган анализдер жок. Ал эми келип түшкөн анализдин көп кармалган убактысы эң көп дегенде 24 саат болуп жатат. Тагыраагы, бир суткада чыгып жатат”, - деди Боронов.

14:24 19.05.2020

Вирус чыккан жарандарды текшерүү боюнча атайын токтом менен түзүлгөн, 214 мобилдик топ иштеп жатат.

" Эми 130 96 үйдүн жашоочусун медициналык кароодон өткөрүү милдети коюлду. Алардан анализдери алуу эле эмес. А лар менен эпид иликтөө жүргүзүп, абалын сурап, кеңештерин берет. Эгерде шек жаралса, экспресс-тест алуу иштери жүргүзүлөт", - деди Боронов. 

14:23 19.05.2020
14:16 19.05.2020

“Силерди  (мигранттарды, чет жактагыларды) алып келүү азыр да уланууда. Андыктан, сабырдуулук менен кабыл алып туруңуздар.

 Бирок өлкөгө киргенден кийин түзүлгөн алгоритм боюнча обсервацияда болууңар зарыл. Анын мөөнөтү сырттан келген жарандардын ахывалына жараша болот. Анализдерин алып, ПЦР-тесттин жыйынтыгы чыккандан кийин гана үй карантинде отургузуу же обсервацияда калтыруу чечими чыгат.

Оору көп чыккан мамлекеттерден келгендерден биздин медиктердин айтканын так аткарып, түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

Кечээ, Соль-Илецкиден келгендер медицина эле эмес, ички иштер органынын кызаметкерлерине чейин талаптарды коюу маселеси жаралды”, -  деди Боронов.

14:14 19.05.2020
14:13 19.05.2020

"Коронавирус жуктуруп алгандардын 72,2 пайызы айыгып  чыкты. Ал эми 26 пайызы дарыланып жатат", - деди 

 биринчи премьер-министр Кубатбек Боронов 

 

12:20 19.05.2020

Бишкек мэриясы шаардыктарды, ишкерлерди сантиардык эрежелерди сактоого чакырууда. COVID-19ду жугузуп алуу кооптуулугунунан улам кафе, чайхана, түнкү клубдарга чогулууга болбой тургандыгын эскертүүдө.

Шаарда учурда санитардык-экологиялык көзөмөл кызматы иштеп жатат  жана алар дайыма эл менен байланышта.

Тел.: : 0(312) 65 81 59, 0 705 564 756.

 

  • Биринчи май району: 0555 404 818;
  • Свердлов району: 0551 551 745;
  • Октябрь району: 0 500 210 470;
  • Ленин району: 0500 085 580.

 

11:54 19.05.2020

 Түп районунун Талды-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн облустук бириккен ооруканасынын обсервациясына алынды.
Аталган жаран COVID-19 илдети аныкталган чет мамлекеттен келген жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу менен байланышта болуп 7-майда үй карантинине жиберилген. Бирок майдын 17 жана 18инде үй карантининин эрежелерин бузгандыгы аныкталган.
Учурда облус боюнча 1 миң 803 адам үй шартындагы карантинде жана 141 адам обсервацияда.

11:11 19.05.2020

Дональд Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 30 күндүн ичинде койгон талаптарды аткарбаса, АКШ аны каржылоону токтотуп, өлкөнүн уюмдагы мүчөлүгүн карап чыга турганын билдирди. Мындай катты ал ДССУ башчысы Тедрос Гебрейесуска кетиргенин РИА Новости жазды.

 

Предвыборный митинг в Санрайзе - Sputnik Кыргызстан
30 күндө талаптарды аткаргыла! Трамп ДCСУга ультиматум койду
11:03 19.05.2020
10:35 19.05.2020
10:22 19.05.2020

19-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 1243 учур катталды. 

Стационарда 331 адам дарыланууда, анын бешөө реанимацияда. Ооруканадан 898 киши чыгарылды, ал эми 14 адам каза тапты.

10:16 19.05.2020

Ушу тапта Кыргызстан боюнча обсервацияда 2153 адам жатат.

10:15 19.05.2020

Бир сутка ичинде өлкө боюнча эки медицина кызматкеринен вирус аныкталган. Ал эми стационарлардан 7 медик сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 257 учур катталды, алардын ичинен 219у стационарлардан айыгып чыккан.

10:04 19.05.2020

Бишкек шаарында — 55;

Жалал-Абад облусу — 11;

Нарын облусу — 2;

Баткен облусу — 3.

Республика боюнча жалпы 898 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

10:04 19.05.2020

Брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев сүйлөп жатат.

"Бишкек шаарында алты кишиден вирус чыкты, буларга Санкт-Петербургдан келген бир адам кошулду. Чүйдө Соль-Илецкиден келген үч мекендеш дарыланууга жаткырылды. Мындан тышкары, Нарында 11, Ош облусунда алты кишиден табылды", — деди Үсөнбаев.

09:52 19.05.2020

Өкмөттүн маалыматы боюнча чартердик каттам Мешхед шаарынан жиберилген. Ал эл аралык "Манас" аэропортунан тапшырылды.

Гуманитардык жардамдын ичинде медициналык коргонуу каражаттары (бет кап, кол кап, костюм жана көз айнек) менен дары-дармек болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0