Кайгуул милициянын кызматкери. Архив

Нарында 8 милиция кызматкеринен коронавирус чыкты

(жаңыланган 10:49 19.05.2020)
Үсөнбаев учурда Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин комплекстүү изилдөөдөн өткөрүп жатышканын белгиледи.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Нарын облусунда бир күндө коронавирус жуктурганы аныкталган 11 адамдын сегизи милиция кызматкери. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Биз ИИМ кызматкерлерин комплекстүү изилдөөдөн өткөрүп жатабыз. Анын натыйжасында Нарында сегиз милиционерден чыкты. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат”, — деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, өткөн суткада СOVID-19дун жаңы 27 учуру катталды. Алар Бишкек шаарынан алтоо, анын бири Санкт-Петербугдан келген курсант. Нарын облусунан 11, Ош облусунан алтоо, Соль-Илецкиден келгендерден үчөө.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Белгилер:
милиционер, Нарын, жуктуруу, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1601)
Тема боюнча
Бир күндө Кыргызстанда 71 адам коронавирустан айыкты
Өкмөт үйүнүн алдында митингге чыккан медиктер

Марипов митингге чыккан медиктерге компенсация төлөөгө акча тапканын айтты

(жаңыланган 13:16 23.04.2021)
Өкмөт башчы медиктерге бардык документтерин чогултуп, кайрадан комиссияга тапшырууну сунуштады.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Пандемияда иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөө үчүн 200 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу түз эфирде маалымдады.

Ал медиктердин компенсация талап кылып митингге чыгышын өкмөт туура кабыл алганын белгиледи.

"Урматтуу медицина кызматкерлери, сиздер адам өмүрү менен алышып жүрүп, өзүңүздөр дагы ооруп калып жатасыздар. Ошондуктан бардык документтериңизди чогултуп, кайрадан комиссияга тапшырыңыздар. Бул маселе чечилет. Былтыр кандай абалда калганыбызды билебиз. Эң биринчи Кудайдын, андан кийин дарыгерлердин көзүн караганбыз. Азыр компенсация албай калган медиктердин маселесин чечүү боюнча бизге президент тапшырма берди. Жакынкы күндөрү бюджеттен 200 миллион сом бөлүү боюнча чечимди даярдап жатабыз", — деди өкмөт башчы.

Митингтеги болгон медицина кызматкерлер биринчи вице-премьер Артем Новиков менен
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Ошондой эле Марипов кыргызстандыктарга өлкөдөгү эпидемиологиялык абал кескин начарлап жатканын эскертип, санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Белгилей кетсек, 16-апрель күнү ондогон медицина кызматкери Ак үйдүн жана Өкмөт үйүнүн жанында акция өткөрүшкөн. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылган. Митингчилерди биринчи вице-премьер Артём Новиков кабыл алган болчу.

Белгилер:
өкмөт, төлөө, компенсация, медик, митинг, Улукбек Марипов
Тема боюнча
Кыргыз бийлиги COVID менен күрөшүүгө 2,4 млрд. сом камдап жатат
Бишкек мэриясынын имараты. Архив

Маршрутка айдоочулары иш таштайт деген маалымат боюнча мэрия үн катты

(жаңыланган 13:17 23.04.2021)
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда коомдук транспорттун жол кире маселеси каралып жатат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттун жол киресин этап-этабы менен көтөрүү маселеси боюнча иштеп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Мыйзам боюнча тарифти өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Мэрия маселенин бардык күңгөй-тескейин карап, экспертизаларды жүргүзүп бүткөн соң шаардык кеңешке сунуш киргизет. Мэрдин буйругу менен бул маселе боюнча иштөө үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Алар тиешелүү иштерди жасап жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, мэрия айдоочуларга кайрылып, алардын абалын түшүнүп, мыйзам чегинде бардык аракеттерди көрүп жатканын, бул учурда коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учурабашы керектигин билдирди.

Буга чейин интернетте айдоочулар 3-май күнү ишке чыкпай, жол кирени көтөрүүнү талап кылышат деген маалыматтар тараган эле.

Мындан улам Sputnik редакциясынын кабарчысы "Альянс бус" жүргүнчү ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаидиге кайрылып, бул маалыматтын чын-төгүнөн сураган. Ал жүргүнчү ташуучулар иш таштоону пландабаганын айтып, маселенин мыйзамдуу түрдө чечилишин күтүп жатканын кошумчалаган.

Белгилер:
жол кире, айдоочу, коомдук транспорт, Бишкек мэриясы