БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Соль-Илецкиден келген жарандар чуу чыгарганы үчүн үй карантинине чыгарылган жок. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, обсервациядагы мигранттар атайын бекитилген алгоритмге ылайык, эки жолу кайталап анализ алынгандан кийин чыгарылган.
“Мөөнөтү бүткөнгө чейин чыдабай нааразычылык билдиргени башка маселе. Биздин чечим обсервацияга алынгандардын маанайынан же башка факторлордон көз каранды эмес. Алар чуу чыгарабы же башка аракеттерди жасайбы, биз өзүбүздүн чараларды көрүп, алгоритмди аткарабыз. Обсервацияга жаткысы келбегени, өз акылына жараша тыянак чыгарганы менен эч нерсе өзгөрбөйт. Биз барып түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, алар “бузук телефон” болуп кеткендиктен чуу чыгарышкан. Мындан кийин келгендер дагы биз бекиткен талаптарды так аткарууга милдеттүү болот”, — деди Үсөнбаев.
Ошондой эле ал обсервациядан чыккандарды жашаган регионуна жеткирүү үчүн атайын транспорт уюштурулганын белгиледи. Ар биринин уюлдук телефонуна тиркеме орнотулду, үй карантининде көзөмөлгө алынат. Обсервациядан чыгып бара жаткан жарандар өзүнө милдеттемелерди алып, кол кое турганы белгиленди.
ИИМ ал жайда кимдир бирөө жалган маалымат таратканын айтып, чынында үй карантинге эмес, COVID-19 жуктурганы аныкталгандар ооруканага которулганын билдирди.
Кечке жуук Саламаттык сактоо министрлиги аларды үй карантинине чыгарууга уруксат берген.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дем алуу көнүгүүсүн жасап бир мүнөттө уктап калса болорун Аризон университетинин (АКШ) интеграциялык медицина боюнча адиси Эндрю Вайлга таянып Daily Mirror жазды.
Адис сунуштаган ыкма "4–7–8" деп аталып, терең жана бирдей ыргакта дем алуу бир эле мүнөттүн ичинде уктап калууга жардам берет. Муну Индияда йога менен машыккандар колдонуп жүрөт.
"Түндө ойгонуп кеткенде дагы ушул көнүгүүнү жасап уктап калса болот", — деген Вейл.Мурун менен төрт секунд жай дем алып, аны жети секунд кармап, сегиз секундда демди чыгарып салуу керек. Муну уктап калгыча кайталоо зарыл. Бул дем алуу көнүгүүсү чыңалуудан арылууга да жардам берет. Адис ыкманы бир жасап таштап койбой кайталап туруу керектигин айткан.
Көнүгүү жасагандан тышкары уктаар алдында тамак, кофе ичпеш керек, ошондой эле гаджеттерди алысыраак коюу сунушталган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 1-мартта күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8..+13, Ысык-Көлдө +2...+7, Нарын жергесинде -3...+2 градус болот.
Бул күнү термометр Бишкекте +8...+10, Ошто +10...+12 градуска көтөрүлөт.