Кой-Таш айылында милиция тарабынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн тинтүү учурунда ар кандай ок атуучу курал жана ок-дары табылган. Архив

Башкы прокуратура: спецназ жоокери Атамбаевдин куралынан өлгөнү аныкталды

1254
(жаңыланган 13:22 19.05.2020)
2019-жылдын 7-августунда УКМКнын атайын даярдыктагы жоокерлери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө басып кирүү учурунда Үсөнбек Ниязбеков көкүрөк тушка ок жеп каза болгон.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин “Альфа” командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө тиешелүү социалдык тармактарга жарыялаган маалыматтары чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Көзөмөл органынын маалыматына караганда, жакынкы күндөрү айрым ЖМКларга “Альфа” командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековду ким өлтүрдү? Күбөлөрдүн көрсөтмөсү” жана “Кой-Ташка Атамбаевди кармоо операциясына катышкан “Альфа” отрядынын мүчөлөрүнүн көрсөтмөсү” деген макалалар жарыяланган.

Ошондой эле адвокат Замир Жоошев өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына “айрым ЖМКлардагы Ниязбеков Алмазбек Атамбаевдин куралынан көз жумгандыгы тууралуу маалымат калп” деп жазганы айтылат.

“Өз сөзүнө далил катары ал УКМКнын “Альфа” отрядынын айрым кызматкерлеринин Алмазбек Атамбаев менен анын жан сакчысы Канат Сагымбаевдин Ниязбековдун өлүмүнө тиешеси жок деген көрсөтмөлөрүн келтирген. Ал жазып, кийин айрым ЖМКлар көчүрүп алган маалыматтар чындыкка туура келбейт. Жактоочу көрсөтмөлөрдү толугу менен жарыялаган эмес”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кийин алардын көрсөтмөлөрү толукталып, башка дагы тараптар суракка алынган. Мындан ташкары, бардык тиешелүү экспертизалар жүргүзүлгөн.

“Жыйынтыгында Ниязбековго тийип, өмүрүн алган ок СВД куралынан атылган 7.62 миллиметр калибрлүү патрон экени аныкталды. Бул курал Атамбаевге тиешелүү болгон”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Башкы прокуратура жактоочу Жоошев КР Жазык-процесстик кодексинин 160-беренесине ылайык, сот өндүрүшү учурунда алган маалыматты жалпыга таратууга укугу болбогонун жана бул тууралуу өзүнө маалым экенин кошумчалады.

Жоокердин өлүмү

Эске салсак, 2019-жылдын 7-августунда УКМКнын атайын даярдыктагы жоокери Үсөнбек Ниязбеков Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө басып кирүү учурунда көкүрөк тушка ок жеп каза болгон. Тийген ок анын бронежилетин тешип өтүп, өпкөсүн жана жүрөгүн аралап кеткен.

8-августта мурдагы президент багынып берип, суракка алып келинген. Ушул эле күнү кечинде Атамбаевдин тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, аларды укук коргоо органдары күч менен кубалап тараткан. Эки күндөгү чыр-чатактан жалпысынан 136 киши ар кандай жаракат алган.

1254
Белгилер:
далил, курал, өлүм, жоокер, Алмазбек Атамбаев, Башкы прокуратура, Кыргызстан
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы (88)
Тема боюнча
Атамбаевдин Сапар Исаков баш болгон тарапташтарынан коронавируска тест алынды
Ошто Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты курула баштады

ММУнун Оштогу филиалына Москвадан 100гө чукул адис келип, сабак бермекчи

13
(жаңыланган 20:38 29.05.2020)
Окуу жайга алгач 90го чейин абитуриентти кабыл алуу пландалып жатат. Студенттер бир нече адистик боюнча билим алат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. ОшМУнун алдында ачыла турган Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты аталган калаада курула баштады. Келечекте ал жерге Россиядан жүзгө чукул адис келип билим берет. Бул тууралуу ОшМУнун маалымат кызматы билдирди.

  • ОшМУнун алдында ачыла турган Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты аталган калаада курула баштады
    © Фото / пресс-служба ОшГУ
  • Келечекте ал жерге Россиядан жүзгө чукул адис келип билим берет
    © Фото / пресс-служба ОшГУ
  • Бул тууралуу ОшМУнун маалымат кызматы билдирди
    © Фото / пресс-служба ОшГУ
1 / 3
© Фото / пресс-служба ОшГУ
ОшМУнун алдында ачыла турган Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты аталган калаада курула баштады

Анда курулуш иштерине Ош мамлекеттик университетинин бюджеттен 76 миллион сом бөлүнгөнү айтылган.

"Окуу жайдын филиалы күз айларында курулуп бүтүп калат. Капсула салуу аземине ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин катышты. Филиал ОшМУнун алдында ачылат. Алгач 60тан 90го чейин абитуриентти кабыл алуу пландалып жатат. Студенттерге Москвадан келген жүзгө жакын адис билим берет", — деп айтылат маалыматта.

Университеттин филиалында студенттер колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктерине билим ала алышат. Аны ачуу демилгеси 2019-жылы Кыргызстан менен Россия президенттеринин жолугушуусунда колдоого алынган.

ОшМУнун маалымат кызматы 28-май күнү Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесинин алкагында Россиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун биргелешкен кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге кол коюлгандыгын да билдирди.

Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети – дүйнөдөгү эң чоң жана тарыхый университеттердин катарына кирет. Курамында 15 илимий-изилдөө институт, 43 факультет бар. Ошондой эле Казакстан (Нур-Султан), Өзбекстан (Ташкент), Азербайжан (Баку), Тажикстан (Душанбе), Армения (Ереван) жана Словенияда (Копер) филиалдары бар.

13
Белгилер:
Ош мамлекеттик университети (ОшМУ), Москва, курулуш, окуу жай, Ош, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Кеңсенин доору бүттүбү? Кыргызстандыктар аралыктан иштөөгө кандай карайт
Кыргызстандын желеги жана акча. Архивдик сүрөт

Тышкы карыз көйгөйү кантип чечилет? Жээнбековдун сунуштарына түшүндүрмө

36
(жаңыланган 18:08 29.05.2020)
Эске салсак, 28-майда "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу эл аралык онлайн форматындагы форумга Кыргызстан да катышкан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков 28-майда өткөн эл аралык форум боюнча өз оюн билдирип, президенттин сунуштарына түшүндүрмө берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эске салсак, 28-майда "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу эл аралык онлайн форматындагы форумга Кыргызстан да катышкан. Анда Сооронбай Жээнбеков тышкы карызды чечүүнүн үч этабын сунуштаган. Биринчи этабында "тышкы карызды терең реструктуризациялоо зарыл" деп жазылып турат.

Сыдыков карызды реструктуризациялоо маселесине токтолгон.

"Карызды реструктуризациялоо — өкмөт белгилүү бир долбоорду жүзөгө ашырып, аны каржылап, өзүнүн бюджеттик каражаттарын бөлүп берет дегенди түшүндүрөт. Ал эми тышкы карызды берген өнөктөш өлкө карыздарын кечет. Мунун баары тиешелүү келишим менен даярдалат", — деди Сыдыков.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы өкмөт жакын арада бул маселе боюнча конкреттүү сунуштарды даярдап, өзүнүн көз караштарын билдирет деп кошумчалады. Ошондой эле тышкы карызды терең реструктуризациялоо жаатында өнөктөш мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрөт деген ишенимин билдирди.

"Дүйнөдө мындай тажрыйбалар колдонулуп келет жана бул кадыресе көрүнүш", — деди Сыдыков.

Февраль айына карата берилген маалымат боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 миллиард доллар. Анын ичинен 3,9 миллиарды — тышкы карыз.

36
Белгилер:
сунуш, форум, Тышкы карыз, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Быйыл Кыргызстан тышкы карызын кайсы валюталар менен төлөйт