КР энергетикасы жар учунда турат. Эксперттин билдирүүсү

Жазылуу
Ушу тапта энергетиктер Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтериндеги жабдууларды алмаштыруу боюнча иш алып барууда.

БИШКЕК, 19-май. — Sputnik. Кыргызстандагы энергетика жабдуусунун 90 пайызы эскирип бүткөн. бул тууралуу Улуттук энергетика холдингинин генерация жана энергетика өткөрүү башкармалыгынын эксперти Аскат Абылаев билдирди.

Ал ушул "Генерация, өткөрүү, бөлүштүрүү, экспорт жана импорт" деп аталган онлайн-сессияда сүйлөгөн.

Абылаевге жабдуулардын абалы тууралуу суроо узатылган.

"90 пайызы эскирди. Бул өтө эле начар абал дегенди билдирет", — деди ал.

Адис ушу тапта жабдууларды алмаштыруу боюнча иштер жүрүп жатканын белгилеп, тизмеде Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтери бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0