Толгоом кечеңдеп санаага салды... Пандемия кызып турган маалда көз жаргандар

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүБала эмизип жаткан аял. Архив
Бала эмизип жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус кырдаалы ай-күнү жетип турган көпчүлүк айымдардын шаштысын кетирди. Өлкөнүн ар бөлөк шаарларындагы үч келиндин баянына кулак салдык. Алар эпидемиологиялык абал оор болуп турганда көз жарышты.

Дүйнөгө тездик менен тараган коронавирус Кыргызстанды да кыйгап өтпөй, март айында каттала баштаган. Мындай кабар өлкөнүн бардык тургундарын, анын ичинде кош бойлуу келиндерди да санаага салды. COVID-19 пандемиясы күч алып турганда көз жаруу кандай экенин жаш энелердин өздөрүнөн сурадык. Макаланын каармандары купуялуулук шарты менен баяндарынан бөлүштү.

Толгоону чакырууга туура келди. Бишкектик келиндин баяны

Пандемияга чейин эле чоң ата-чоң апалардын каршылыгына карабай балага зарыл нерселердин баарын, чепчигинен баштап коляска менен керебетине дейре даярдап койгом. Сезген окшойм. Камын көрөйүн деп врач менен кеңешкем, себеби эмне болуп кетерин эч качан билбейсиң да. Даярдаганым ырас болуптур!

Бейтап жана медициналык кызматкерлер шаардык клиникалык ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарын: бүлөсү менен COVID-19га кабылган медик, милиционерлер көбөйдү. Чоо-жайы
Февралдан тарта дарыгердин байкоосунда болчумун. Төрөт үйлөрү ошол убакта эле карантинге өтүшкөн (кош бойлууларды жана врачтарды гана киргизишчү). Ошондуктан өнөктөштүк төрөт деген кыялым орундалбай калды. Тун перзентимди марттын ортосунда күткөнбүз. Бирок апта артынан апта өтсө да толгоом кечеңдей берди...

Айрыкча кырдаал курчуй баштаганда тынчым кетти. Ата-энемдин бизнеси эмне болот деп ойлой бердим. Жолдошума кабатырландым, дагы жакшы башынан эле ал сырттан иштечү. Кырдаалды алгач катталгандардын кабары курчутту, азык-түлүк камдамай дүрбөлөңү башталды... Көп өтпөй блокпосттор коюлду. Зарыл учурда тийиштүү жерге өтүшкө кыйын болот деп ансайын чочулай баштадык.

Анан жалгыз мен эмес экенимди көрдүм, палата ай-күнүн күткөндөргө толуп калыптыр. Ал тургай мурда врач эсептеген мөөнөтүндө төрөп жүргөн айымдар да толгоосу кечигерин болжоп жатышты.

Төрөт үйүндө тазалык жагы жайында эле, палаталар күнүнө эки ирет дезинфекцияланып жатты. Бардык жерде санитайзерлер илинген, ал эми кабыл алуучу блокто баары бет кап тагынып жүрүштү. Сырттан келгендерге тыюу салынган, бул психологиялык жактан негизи кыйын. Анан да оор көтөрдүм, тамак иче албай калганга чейин жеткем. Төрөтканада тууганым иштечү, ал мага кашыктап тамак ичирип жатты.

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында медайым Жакут Орозалиева  - Sputnik Кыргызстан
Бир күндүк эс алууга зар болдук. COVID-19ду ооздуктап жүргөн медайымдын маеги
Кудай жалгап аягы жакшы болду, марттын этегинде кыздуу болдум. Бирок шаан-шөкөт менен чыга алган жокпуз. Үйгө келгенде башка бир көйгөй чыкты, педиатр бизге келе албайт десеңиз. Үйлөрдү кыдырып иштеген дарыгерлердин баарына телефон чалдык, майнап чыкпады. Акырында участкалык врач менен WhatsApp аркылуу сүйлөшүп, кайра апама кеңешип, кызымдын сүрөтүн жана абалы боюнча отчет жөнөтүп, абалдан ошентип чыктык.

Баары биз ойлогондой болбоду. Нарындан баян

Кытайда жаңыдан вирус чыга баштаганда биздин өлкөдө анын кесепетин көп киши элестете да алган эмес. Жаңы жылдан кийин бир топко чейин абал тынч эле болчу. Экинчи балабызды күтүп жатканбыз. Өтө деле санаа тарткан эмесмин... Көрсө, маалы келгенче эле экен!

Карантинге чейин Бишкектен Нарынга кайын журтума келген элек. Борбор калаада төрөйм деп пландагам, бирок ойдогудай болбоду. Дал ошол маалда вирус Кыргызстанга да жетип, Бишкекке өзгөчө абал режими киргизилип калды.

Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев - Sputnik Кыргызстан
Талас коронавируска кантип такаат берүүдө? Облус жетекчиси Мураталиев менен маек
Ошондо корко баштадым, анткени жанымда эки-үч буюмдан башка оокатым жок эле. Каттоо картам, баланын жалаяктары бүт борбор калаада калган... Шаардан бардык зарыл буюмдарды алдыруу үчүн өткөрмө кагазы бар айдоочу издөөгө мажбур болдук. Туугандарым андан медициналык картам менен буюмдарды салып жиберди. Жетпегенин Нарындан сатып алдык. Бул жакта дүкөндөр үйгө жеткирүү кызматын көрсөтүштү.

Үйдө отурдум, азык-түлүккө жолдошум же кайненем гана барып жатты. Кайтканда баарын кире беришке коюп, антисептик менен тазалап, дароо ваннага жөнөшчү. Эгер сыртка чыксам, бет кап кийип, анан да аралыкты сактап жүрдүм.

Ай-күнүм жеткенде көп деле санааркаган жокмун, жергиликтүү эрежелерди билип, зарыл нерселердин баарын даярдап койдум. Төрөткананын короосуна жабдылган чатыр тигилип, анда атайын кийимчен медайымдар кош бойлуулардан анализ алып жатышкан. Дене табымды өлчөп, баары жайында экенине ынанышкан соң төрөтканага киргизишти. Жарым сааттай убакыт кетти мунун баарына. Төрөт үйүндө орун тартыш, ошондуктан мени коронавирус менен түшкөн кош бойлуулар үчүн даярдалган обочолонгон палатага жайгаштырышты. Көз жарган соң жөнөкөй палатага которушту, бирок эч кимди киргизбей, буюмдарды жана тамак-ашты да санитарка жана врачтар аркылуу берип жатышты. Аябай чочуладык деле дебейм, мисалы менин жаңылык окууга дарманым деле келген жок. Коңшулардан астыңкы кабатта толгоосу кечиккен аялдар жатканын уктум.

© Sputnik / Каныбек БейшенбековОборудованная палатка во дворе роддома
Толгоом кечеңдеп санаага салды... Пандемия кызып турган маалда көз жаргандар - Sputnik Кыргызстан
Оборудованная палатка во дворе роддома

Кызыбыз врач эсептеп берген мөөнөттө, 25инен 26-апрелге караган түнү төрөлдү. Дарыгерлер менен деле көйгөй болгон жок, үйгө чыккандан кийин да педиатр келип, баланы карап кетти. Телефон номерин берип, кайсы убакыт болбосун келерин айтты. Кайын журтум мага жардамдашып, каралашып турат. Өзүмдүн ата-энем небересин али көрүшө элек, алар азыр Бишкекте.

Белгисиздик аябай чочулатты. Оштон баян

Коронавирус капсалаңы менин турмушума да таасир этти. Төртүнчү баламды күтүп жатсам да, обочолонууда аябай чочулап жүрдүм. Төрт дубал ортосунда нервим чыдабай, белгисиздик мени аябай коркутуп жатты. Балким бул да таасир эттиби, балам өз маалынан эрте төрөлдү. Жеке төрөт үйлөрү эрте деп кабыл албайт, ошондуктан шаардык төрөтканага бет алдык. Анан калса, Тез жардам менен жөнөдүк, себеби коменданттык саат башталып калган.

Төрөт үйүнүн алдынан посттогулар дене табымды өлчөштү. Кабыл алуу блогунда да бул процедураны бир нече ирет кайталашты. Ал эми медицина кызматкерлери бардык анамнезди чогултуп, байланышкан кишилерди такташты.

Медсотрудник Марс Тыналиев, который вылечился от коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жашап кетерим күмөн эле. Коронавирусту жеңген 56 жаштагы медиктин маеги
Бардык айымдар палатанын ичинде да, сыртында да сөзсүз түрдө бет кап тагынып жүрүштү. Кайда караба, гигиена  эрежелери илинген, чыканак менен басылчу дозаторлор ар бир палатада орнотулган. Башкы врач палаталарды кыдырып, санитардык талаптардын сакталышын текшерип, жеке гигиенанын маанисин эскертип жүрдү.

Кесарево ыкмасы менен көз жардым. Мындай учурларда адатта эненин жанында жакындарынан бирөө каралашуусу зарыл, бирок эч кимди киргизишпеди. Жолдошум келип-кетип турганы менен ичке кире алган жок. Баарыбызга босогодон эле керектүү буюмдарды атайын коргоочу костюм кийген санитарка аркылуу берип жатышты.

Кудайга шүгүр, баары жакшы аяктады. Апрелдин аягында көз жардым. Ош шаардык төрөт үйүнүн врачтары жана медайымдары азамат, чыныгы кесипкөйлөр экен. Жакшы каралашып, аябай колдошту. Мындай кыйын убакта медиктер өз ишин мыкты деңгээлде аткарып жатышат.

Адистин пикири

Акушер-гинеколог Наби Тагиев жалпысынан пандемия дүрбөлөңү кыргызстандык айымдардын кош бойлуулугу менен төрөтүнө таасир этпегенин белгилейт. Анын айтымында, өлкөдө балдардын төрөлүүсү жакшы абалда.

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаАкушер-гинеколог Наби Тагиев
Толгоом кечеңдеп санаага салды... Пандемия кызып турган маалда көз жаргандар - Sputnik Кыргызстан
Акушер-гинеколог Наби Тагиев
"Баары өз нугунда, эрте көз жаруу да, мөөнөтүнөн өтүп төрөгөндөр да болот. Коронавирус кандайдыр бир нормадан жапырт чыгышына себеп болду деп айта албайбыз. Албетте, көпчүлүгү илдет жуктуруп алыштан чочулайт. Бирок төрөт үйүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карабай, дайым санитардык талаптар сакталат. Медицина кызматкерлери өздөрүн да, тобокел тобуна кирип калышы ыктымал болочок энелерди да болушунча коргоп жатышты" — деди Тагиев.

Врач азыр кош бойлуулар төрөт үйлөрүнө 1990-жылдардагы аялдарга караганда камдуу келишерин, тийиштүү маалыматтарды участкалык врачтардан толук алып, атайын адабияттарды окуп, интернетте тажрыйбаларынан бөлүшөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0