Министрлик: Нарында кадр жетишсиз, ооруканалар талапка жооп бербейт

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каратаевдин айтымында, көпчүлүк ооруканалар совет мезгилинде салынып, ошол бойдон капиталдык ремонттон өткөн эмес.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Нарында бир дагы оорукана эл аралык талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, Нарын облусунда медицина тармагында кадрлар дагы жетишсиз.

"Ак-Талаанын Баетов айылындагы төрөт үйүндө төрөөгө шарт бар экен, бирок кош бойлуулар ал жактан кадрдын жоктугунан улам Нарынга келип жатса керек. Ат-Башы, Ак-Талаа райондоруна акушер-гинекологдор жетишсиз. Ооруканалардын материалдык-техникалык базасы тууралуу айта турган болсом, алар совет мезгилинде курулган. Көпчүлүгүндө капиталдык ремонт жүргөн эмес. Азыркы биздин эң негизги милдет — инфекциялык көзөмөлдү күчөтүү. Жарандарга айтарым, ден соолугуңарга кайдыгер карабай, убагында бейтапканага көрүнгүлө", — деди Каратаев.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

Эшикке илинген кулактандыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: Нарын шаардык мэриясы 72 саатка жабылды
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0