Студенттер дипломдук ишин онлайн жактап, кээ бир экзамендер күзгө калат

© Фото / Pixabay/ StartupStockPhotosКомпьютерде иштеп жаткан кыз. Архив
Компьютерде иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2-курстун студенттери кыргыз тили жана адабияты, Кыргызстан географиясы жана Кыргызстан тарыхы боюнча мамлекеттик экзаменди күзгү семестрде тапшырмай болду.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги жогорку жана орто окуу жайларында квалификациялык иштерди жактоо (дипломдук иш), мамлекеттик экзамендерди өткөрүү боюнча буйрук чыгарды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ЖОЖдордо студенттер дипломдук ишин онлайн тапшырып, экзамендер аралыктан алынат.

"Ал эми маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктеринин ээлери жана Ички иштер министрлигине караштуу академиянын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамендерин адаттагыдай эле берет. Анда бүтүрүүчүлөр атайын даярдалган жадыбалдын негизинде тиешелүү санитардык талаптар аткарылгандан кийин окуу жайга келип тапшырышат", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик 2-курстун студенттери тапшыра турчу  кыргыз тили жана адабияты, Кыргызстан географиясы жана Кыргызстан тарыхы боюнча мамлекеттик экзамен 2020-жылдын күзгү семестрине жылдырылганын кошумчалады.

Экзамен алуу үчүн ар бир окуу жайда мамлекеттик аттестациялык комиссия түзүлөрү да айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0