Бишкек шаарындагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан

Санаага салган коронавирус. Бүгүнкү абалдан тексттик баяндама

Жазылуу
Бийлик өкүлдөрү акыркы күндөрү вируска чалдыккандардын саны өскөнүн, сырттан келгендерден көп чыгып жатканын айтышууда.

Жаңы алгоритм боюнча, тесттин жыйынтыгына карап үй карантинине чыгууга болот. Үйдө обочолонуу — коомчулук алдындагы чоң жоопкерчилик. Кийинки жумадан тарта ири базарлар ачылып, коомдук транспорт ишке кирип, бир катар бизнес жанданганы турат. Бул кыймыл өсө турганынан кабар берет.

Ошол себептен ооруну жайылтып жибербөөнү жеке маселе катары кабыл алып, башкаларды дагы алдын алуу чараларына үндөйлү. Биз үчүн жан үрөп иштеп жаткан адамдардын эмгегин текке кетирбейли!

Өлкөнүн бүгүнкү абалын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан окуп туруңуз.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
00:18 21.05.2020

20-майда, Россиянын Оренбург шаарынан Бишкекке 164 кыргызстандык учуп келгенин Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, мекендештер “Манас” эл аралык аба майданына Tez Jet авиакомпаниясынын Оренбург — Бишкек чартердик каттамы менен келди. 

 

 

Прилет чартерного рейса Оренбург-Бишкек в аэропорт Манас - Sputnik Кыргызстан
21:55 20.05.2020
16:27 20.05.2020

Өкмөт учурда Оренбург облусунун Бузулук районунан балдар, аялдар, кош бойлуулар, улгайган кыргызстандыктарды алып келүү үчүн Оренбург — Бишкек чартердик каттамын уюштурду. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

 

Прибытие рейса из Анталии в Казань - Sputnik Кыргызстан
Оренбургдан мигранттар учак жана автобус менен алып келинет
15:11 20.05.2020
13:52 20.05.2020

Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) мончо шартында коронавирус жайылып кетпеши үчүн өз сунуштамасын даярдап, мекеменин расмий сайтына жайгаштырды.

 

Российско-итальянское совместное предприятие Вилла Переделкино - Sputnik Кыргызстан
Мончо иштеткендер кайсы эрежелерди карманышы керек. Сунуштама
13:41 20.05.2020
12:46 20.05.2020
12:05 20.05.2020

Соода борборлорунун кире беришинде сөзсүз ар бир кардардын дене табы өлчөнүшү зарыл. Ошондой эле болушунча арзан баада бет кап жана кол каптар сатылышы керек. Мындан тышкары, санитайзерлер коюлушу шарт", — деди Алымкулов.

Ал эми базарларда катарлардын арасындагы жолдор бош болуп, ортого туруп алып башаламан соода кылгандар болбошу керектиги эскертилди.

 

 

11:49 20.05.2020
11:18 20.05.2020

Sputnik Кыргызстан агенттиги коңшу мамлекеттер коронавирус менен кантип күрөшүп жатканына абай салып, карантин качан бүтөрүнө кызыкты.

 

Ситуация в Узбекистане по случаю коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Акырындап жай турмушка кайтып... Карантинде коңшулар кантти?
11:16 20.05.2020

№27 абактын дагы үч кызматкеринен коронавирус аныкталганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

 

Исправительные колонии в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: №27 абактын дагы үч кызматкеринен коронавирус чыкты
11:11 20.05.2020

Коомдук транспорттун иштөөсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкты.

"Автобус, троллейбус жана кичи автобустар кабыл алынган эрежелерди бузган учурда, ишин токтотууга туура келет. Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын рейддер жүргүзүлөт. Биз транспорттук компаниялардын жетекчилерине тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды уюштуруп, камсыз кылуу керектигин маалымдадык”, - деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Анын айтымында, коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн саны орундуктардын саны менен чектелет. Салондун ичи ар бир чыгуу үчүн тазаланып турушу шарт.

“Коомдук транспорттордун салондорунда дезинфекциялык чаралар жүргүзүлөт. Өз кезегинде, ар бир жүргүнчүдөн социалдык аралыкты сактоону жана милдетүү түрдө беткап тагынууну өтүнөм. Вирус жуктуруп алуу коркунучу бар”, - деди Үсөнбаев.

11:08 20.05.2020
11:04 20.05.2020

Стационарда 346 киши бар, алардын ичинен реанимацияда 5 бейтап жатат. Ооруканадан чыгарылды 910 адам чыгарылган. 

10:23 20.05.2020

Бир сутка ичинде Нарын облусунда тогуз медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, акыркы суткада өлкө боюнча үч медик сакайган.

Өлкө боюнча жалпы 266 медицина кызматкеринен COVID-19 табылган. Анын ичинен 221 медкызматкер айыгып чыкты.

10:17 20.05.2020

Акыркы суткада коронавирустан 12 бейтап сакайып чыкты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Алардын сегизи Бишкектин, төртөө Нарындын тургундары”, — деди Үсөнбаев. 

Айыгып үйүнө чыгарылгандардын саны бүгүнкү күндө 910 болду.

 

10:09 20.05.2020
  • Бишкек шаарында — 4;
  • Чуй облусу — 1;
  • Ош облусу — 2;
  • Нарын облусу — 19;
  • Ысык-Көл облусу — 1.

Жылпы саны 1270 болду.

09:55 20.05.2020

АКШ менен Швейцариянын окумуштуулар тобу COVID-19га оңой менен кабылбаган адамдар бар экенин аныктап чыккан. Бул туурасында Nature журналы жазган.

Аларды маалыматына караганда,  2003-жылы А тибиндеги вирус менен ооругандар коронавирустун жаңы түрүнө  багынбай турганын айтышты.

Иликтөө учурунда  SARS-CoV жуктуруп, курч респиратордук белгилер байкалгандар антителаларды иштеп чыгары белгилүү болгон. А бул коронавирустун клетканын үстүндөгү рецепторлору менен байланышына жооп берген процесс экендигин айтышты. Мындай антителалардын көп түрдүүлүгү SARS-CoV2ни алсыраткан күчкө ээ.

Окумуштуулар мындай көп түрдүү антителаларды иликтеп, ар тараптан үйрөнүп жасалган дары-дармектер COVID-19дун оор түрүн дарылаганга колдоноорун билдиришкен.  Андан сырткары, тобокел тобуна киргендердин ооруга чалдыгышынын алдын алуу иштеринде колдонулат.

09:51 20.05.2020

Коронавируска шектүү жарандардын толук анализи чыкканга чейин жата турган обсервация жайларын уюштуруу ӨКМге жүктөлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан обсервацияга убактылуу жайгаштырылган жарандарга күнүнө үч жолу ысык тамак берилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0