Теңинен көбү Нарында. Кыргызстанда дагы 27 киши коронавируска чалдыкты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКиши коронавируска тест тапшырып жатат. Архив
Киши коронавируска тест тапшырып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө коронавирус аныкталгандардын басымдуу бөлүгү чет жактан келген мекендештер. Штаб мурдагыдай элди обочолонуп турууга чакырууда.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Өлкө аймагында бүгүн 27 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы учурдун төртөө Бишкектен болсо, бирөө Чүй облусунан, экөө Ош облусунан, 19 киши Нарындан, бирөө Ысык-Көлдөн.

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1270 болду.

Кыргызстанда азыркы кырдаал кандай экенин жана өлкө бийлиги вирус менен кантип күрөшүп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0