Министрлик: №27 абактын дагы үч кызматкеринен коронавирус чыкты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТүзөтүү колониясы. Архив
Түзөтүү колониясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басарынын айтымында, буга чейин вирус жуктурган төрт кызматкер менен байланышта болгондорду текшергенде дагы үчөөнөн COVID табылды.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. №27 абактын дагы үч кызматкеринен коронавирус аныкталганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, буга чейин да ушул абактагы төрт кызматкерден вирус чыккан.

"Алар менен байланышта болгон адамдарды текшерген учурда дагы үч кызматкерден табылып, учурда дарылоого алынды. Эми алар менен байланышкандарды аныктап, эпидемиологиялык изилдөөлөр жүрүп жатат", — Үсөнбаев.

Эске сала кетсек, буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кызматкерлери оору жуктурган деген маалыматты эки ирет төгүндөгөн болчу.

Коронавирус кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1270 болуп, анын 910у айыкты. Тилекке каршы, 14 киши каза тапкан.

Медиктер ооруканада дезинфекциялоо жүргүзүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктурган 9 медиктин баары Нарындан болуп чыкты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0