Бишкекте коомдук транспорт күтүп жаткан адамдар. Архив

Автобус, троллейбус жана маршруткалар үчүн эрежелер иштелип чыкты

797
(жаңыланган 11:26 20.05.2020)
Эртеңден тарта карантин чаралары жумшарып, борбор калаада коомдук транспорт ишке кирет. Министрлик атайын эрежелерди иштеп чыкканын айтты.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Коомдук транспорттун иштөөсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Эскерте кетсек, эртең, 21-майдан тарта, Бишкекте коомдук транспорт, башкача айтканда, автобус, троллейбус жана маршруткалар жүрө баштайт.

Үсөнбаевдин айтымында, эгер автобус, троллейбус жана кичи автобустар кабыл алынган эрежелерди буза турган болсо, иши токтотулат.

"Коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн саны орундуктун саны менен чектелет. Салондун ичи ар бир каттамда тазаланып, дезинфекцияланып турушу шарт. Өз кезегинде ар бир жүргүнчүдөн социалдык аралыкты сактоону жана милдетүү түрдө бет кап тагынууну өтүнөм. Вирус жуктуруп алуу коркунучу күч", — деди Үсөнбаев.

Ал талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын рейддер жүргүзүлөрүн, компания жетекчилери тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышын камсыздашы керектигин кошумчалады.

797
Белгилер:
эреже, маршрутка, троллейбус, автобус, Нурболот Үсөнбаев, коомдук транспорт
Тема боюнча
"Дордой" баштаган ири базарлар ишке кирет. 25-майдан тарта жанданчу тармактар
Буэнос-Айресте футболдун легендасы Диего Марадонанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу эл аза күтөт

Кароосуз калтырган. Марадонанын дарыгери анын өлүмүнө күнөөлөнүп жатат

10
(жаңыланган 10:11 30.11.2020)
Учурда дарыгердин үйүндө жана клиникасында тинтүү жүргүзүлүп, Марадонанын оорсуна байланыштуу документтер алынган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Диего Марадонанын дарыгери Леопольд Луке футболчунун өлүмүнө күнөөлөнүп жатканын РИА Новости Аргентинанын Telam агенттигине шилтеме кылып жазды.

Дарыгердин үйүндө жана клиникасында тинтүү жүргүзүлүп, Марадонанын оорусуна байланыштуу документтер алынган.

Тергөө ак халатчандын шалаакылыгына жана бейтаптын кароосуз калгандыгына байланыштуу жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Ошондой эле медайым Даяна Гисель Мадрид да суралууда. Ал таңкы 07:30да Марадонанын бөлмөсүнөн кыйналган үн угуп, барып тиешелүү жардам көрсөткөнүн айткан. Бул айткандарынын эми чын-бышыгы аныкталууда.

Диего Марадонанын каза болгону тууралуу кабар 25-ноябрда тараган. XX кылымдын мыкты футболчуларынын бири жүрөк кемтигинен каза болгон.

10
Белгилер:
өлүм, футбол, дарыгер, Диего Марадона
Тема боюнча
Өз тажиямда эмне дээр элем... Марадонанын эски видеосу желдей тарады
Мамлекеттик кызматкер иш учурунда. Архив

"Унаа" мекемесине караштуу бир бөлүмдүн иш графиги өзгөрөт

18
(жаңыланган 10:07 30.11.2020)
Мамлекеттик мекеменин борбордук аппараты менен жергиликтүү каттоо бөлүмдөрүнүн иш тартиби өзгөрүүсүз калтырылган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин "Риом" унаа базарында жайгашкан бөлүмүндө 1-декабрдан тарта жаңы иш графиги түзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аталган бөлүм декабрдын башынан тарта дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, ишемби, жекшемби күндөрү иштейт. Ал эми бейшемби жана жума күндөрү дем алыш болуп эсептелип, бөлүм жабык болот.

"Жумуш убактысы ошол бойдон калат. Тагыраагы, саат 8:30дан 17:30га чейин иштейт. Ал эми 12:00дөн 13:00гө чейин тыныгуу", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик мекеменин борбордук аппараты менен жергиликтүү каттоо бөлүмдөрүнүн иш тартиби өзгөрүүсүз калтырылган.

18
Белгилер:
өзгөрүү, тартип, график, унаа, каттоо кызматы
Тема боюнча
Мамкаттоо 604 миң сомго автоунаанын бир номерин жана эки "ХАН" сатты

Месси "Осасунага" киргизген голун Марадонага арнады. Видео

0
(жаңыланган 10:18 30.11.2020)
Месси бир мезгилдерде Марадона кийип ойногон "Ньюэллс Олд Бойз" клубунун 10-номердеги футболкасын кийип алганын көрсөттү.

"Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси "Осасунанын" дарбазасына киргизген голун Диего Марадонага арнады. Бул тууралуу Р-Спорт жазып чыкты.

Месси беттештин 73-мүнөтүндө гол киргизип, урмат көрсөткөн. Каталондуктардын капитаны бир мезгилдерде Марадона кийип ойногон "Ньюэллс Олд Бойз" клубунун 10-номердеги футболкасын кийип алганын көрсөттү.

"Барселона" менен "Осасунанын" беттеши 4:0 эсеби менен талаа ээлеринин пайдасына аяктады. Месси төртүнчү голду киргизген.

1986-жылдагы дүйнө чемпиону Диего Марадона өткөн шаршембиде 60 жаш курагында көз жумган. Футболчу 1993-жылы аргентиналык "Ньюэллс Олд Бойз" клубунун намысын коргогон. Месси да өз кезегинде аталган клубдун академиясында тарбияланып, 2000-жылы "Барселонага" өткөн.

0
Белгилер:
эскерүү, Диего Марадона, Лионель Месси, футбол
Тема боюнча
Кароосуз калтырган. Марадонанын дарыгери анын өлүмүнө күнөөлөнүп жатат
Өз тажиямда эмне дээр элем... Марадонанын эски видеосу желдей тарады