Соода борбору. Архив

Эртеңден тарта иштечү соода борборлору менен базарларга талап коюлду

1095
(жаңыланган 12:15 20.05.2020)
21 жана 25-май күндөрү дагы бир нече тармак өз ишмердүүлүгүн баштайт. Алардын арасында соода борборлору жана "Дордой", "Ош", "Кара-Суу", "Орто-Сай" сыяктуу ири базарлар дагы бар.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов бүгүнкү брифинг учурунда жакынкы күндөрү ишмердүүлүгүн баштай турган соода борборлоруна жана кийим-кече базарларына кандай талаптар коюларын айтып берди.

"Соода борборлорунун кире беришинде сөзсүз ар бир кардардын дене табы өлчөнүшү зарыл. Ошондой эле болушунча арзан баада бет кап жана кол каптар сатылышы керек. Мындан тышкары, санитайзерлер коюлушу шарт", — деди Алымкулов.

Ал эми базарларда катарлардын арасындагы жолдор бош болуп, ортого туруп алып башаламан соода кылгандар болбошу керектиги эскертилди.

Эске салсак, 21инчи жана 25-май күндөрү дагы бир нече тармак өз ишмердүүлүгүн баштайт. Алардын арасында соода борборлору жана "Дордой", "Ош", "Кара-Суу", "Орто-Сай" сыяктуу ири базарлар дагы бар.

Коронавирус кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1270 болуп, анын 910у айыкты. Тилекке каршы, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

1095
Белгилер:
базар, соода борбору, коронавирус, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1500)
Тема боюнча
Министрлик: №27 абактын дагы үч кызматкеринен коронавирус чыкты
Автобус, троллейбус жана маршруткалар үчүн эрежелер иштелип чыкты
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев

COVID-19ду кимдер массалык түрдө жайылтып жибериши мүмкүн. Үсөнбаевдин жообу

17
(жаңыланган 11:29 05.06.2020)
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү коронавируска чалдыгып, бирок анын белгилери билинбей же жеңил формада өтүп жаткандарды обочолонтуунун зарылчыгын айтып берди.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Коронавирустун симптому жоктор жана аны жеңил көтөргөндөр башкалар сыяктуу ооруканага жатып, бир нече ирет анализ тапшырып чыгышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Коронавируска чалдыккандардын көбүндө анын белгилери жок болот. Арасында жеңил формада ооругандар бар. Айрымдар эмнеге аларды ооруканага кармап, обочолонтуу керек деп айтышы мүмкүн. Бейтаптардын бул тобу элге коркунуч жаратат. Алар оорунун булагы болуп саналып, вирусту массалык түрдө жайылтып жибериши ыктымал. Биз симптому жокторду да стационарга жаткырып, бир нече ирет анализ алып, анан чыгарабыз. Андан кийин эки жума үй карантининде болушат", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1936га жетти. Анын ичинен 1340 адам айыгып, 22си каза болду.

17
Белгилер:
анализ, коронавирус, Нурболот Үсөнбаев, КР Саламаттык сактоо министрлиги
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1500)
Тема боюнча
Өлкөнүн үч аймагындагы алты медиктен коронавирус табылды
Кызынан жуккан. Министрлик COVID-19дан көз жумган аялдар боюнча маалымат берди
Бейтаптын колундагы пульсометр. Архивдик сүрөт

Кызынан жуккан. Министрлик COVID-19дан көз жумган аялдар боюнча маалымат берди

84
(жаңыланган 10:42 05.06.2020)
Каза болгондордун биринде кант диабети, жүрөк оорусу сыяктуу өнөкөт илдеттери болсо, экинчиси ак кан дартына чалдыккан.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда акыркы суткада коронавирус жуктуруп каза болгон эки аял вируска кандай чалдыкканы жана алардын кандай илдеттери болгонун айтып берди.

Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Бишкек шаарында бир жана Ош облусунда бир аялдын каза болгону айтылды

“Бишкек шаарынын 82 жаштагы тургуну вирусту кызынан жуктуруп алганы 30-май күнү аныкталган. Кызы "Автомаш-Радиатор” заводунда иштеп, илдетке чалдыккан экен. Маркумдун кант диабети, жүрөк оорусу жана кан басымы жогору болгондуктан вирусту көтөрө албай калды”, — деди Үсөнбаев.

Ал эми экинчи бейтап ооруган адамдар менен байланышта болгон. Өзүнүн мурдагы ак кан илдетин вирус күчөтүп жиберген.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус аныкталып каза болгондордун саны 22 кишиге жетти.

84
Белгилер:
оорукана, аял, өлүм, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1500)
Тема боюнча
Кыргызстанда коронавирустан эки аял каза болду
Четтен келгендер бар. Бүгүн 37 кишиден коронавирус чыкты
Көбү Нарындан. Кыргызстанда коронавирустан 48 бейтап айыкты
Өлкөнүн үч аймагындагы алты медиктен коронавирус табылды