Сел, кар көчкү жүрүү коркунучу бар! Шашылыш билдирүү

© AFP / ALEXANDER KLEINСнежные и лавинные ограждения в горах Австрии
Снежные и лавинные ограждения в горах Австрии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидромет Ысык-Көлдөгү Чоң-Ашуу ашуусунан өтө турчу малчыларга жайлоого чыкпай кое туруусун эскертти.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Өлкөдө 20-майда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирмеге ылайык, дарыяларда суунун деңгээли да жогорулашы мүмкүн.

Ошондой эле Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 76-86-чакырымдарына (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт.

Мындан улам мекеме айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактап, малчыларга жайлоого чыкпай кое туруусун эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0