БИШКЕК, 20-май. — Sputnik. Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылына карантин режими киргизилип, 60 киши обсервацияга алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбек кызы билдирди.
Анын айтымында, учурда айылдын кире беришине блокпосттор коюлуп, кирип-чыгууга чектөө киргизилди.
"18-май күнү Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн эки тургунунан коронавирус аныкталган. Алар Россияда жүрөк оорусунан каза болгон мигрант тууганынын сөөгүн алып барган. Чек арадагы посттордун биринен анализ тапшырып, бирок жыйынтыгы чыга электе эле өткөрүп жиберишкен. Анализдери кийинки күнү чыгып, коронавирус аныкталган", — деди Кадырбек кызы.
Россияда каза болгон маркумду акыркы сапарга узатууга 60 чакты адам катышкан. Алардын баары Кара-Кочкор санаторийинде уюштурулган обсервацияга жаткырылганы айтылды. Маркумдун сөөгүн алып келген жакындары Россиядан келе жатканда коронавирус жуктуруп алышы мүмкүндүгү да белгиленди.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга, бөтөнчө кичинекей класстын балдарына аяр мамиле жасоого чакырды.
ШИИББ айдоочуларга кайрылып жатып эртең, 18-январдан тарта, мектептерде 1-5-9унчу жана 11-класстар окуй баштаарын эскертти.
"Шаардык милиция коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга, бөтөнчө кичинекей класстын балдарына аяр мамиле жасоого чакырат. Аларга түшүнүү жана жоопкерчилик менен мамиле жасап, зарыл болсо жардамыңыздарды аябаңыздар. Жолдордо жана аялдамаларда этият болуңуздар, балдар бар жерден абайлап өтүңүздөр жана суукта калтырбай алып кетиңиздер", — деп жазылган билдирмеде.
Ошондой эле жоголгон окуучуну кезиктирип калгандарды жакынкы аралыктагы милицияга тапшырып же күнү-түнү иштеген 102 номерине чалып коюуну өтүнүштү.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү, 18-январда, күндүзү республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +8...+13, Талас аймагында +9...+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7, ал эми Нарын жергесинде -2...-7 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +11...+13, ал эми Ошто +13...+15 градусту көрсөтөт.