Соль-Илецкиден келгендер Ошто үй карантинге алынып, жоопкерчилиги түшүндүрүлдү

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусуна барган мигранттар 14 күн өткөнгө чейин үйдөн чыкпай, карантинди сактоо милдеттендирилди. Ар биринин колуна эскертүү баракчалары берилген.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Россиянын Соль-Илецк шаарынан Ош облусунун аймагына келген 93 эмгек мигранты үй карантинине алынып, эрежелерди сактоого милдеттендирилди. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

Буга чейин РФтин аталган шаарынан автобус менен 7-майда алып келинген 541 жаран "Семетей" обсервациясына жайгаштырылган болчу.

Полпред правительства в Таласской области Марат Мураталиев - Sputnik Кыргызстан
Эч нерсеге карабайм! Талас башчысы элди күч менен обсервацияга алдырган видео
18-майда "Манас" аэропортунун жанындагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасынын аймагында жайгашкан "Семетей" обсервациясында жаткандар жаңжал чыгарган.

Алардын 19у калтырылып, анализи эки жолку текшерүүдөн кийин тазаларынын баары үй карантинге кое берилген.

Учурда Ош облусундагы ар бир райондогу тиешелүү кызматкерлер алардын көзөмөлгө алынганы айтылды. 93 жарандын ар бири жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана милициянын байкоосунда турат.

"Алар 14 күн өткөнгө чейин үйдөн чыкпай, карантинди сактоого милдеттендирилди. Ар биринин колуна эскертүү баракчалары берилген. Эгер карантиндин эреже-нормаларын сактабай буза турган болсо, жоопко тартылат", — деди Аширбаев.

Мигранттар Бишкектен аймактарга жөнөтүлүп, 18-майда Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген 51 адам Талас облусуна кирери менен обсервацияга алынган. Алардан кошумча дагы ПЦР-анализ алынып, карантиндик жайда беш күн болот.

Коронавирус кесепети

Медициналык кызматкерлер кишилерди өткөзүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Обсервацияга жатпай, үйүнө кетишти. "Гансидеги" жаңжалдын видео хронологиясы
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1270 болуп, анын 910у айыкты. Тилекке каршы, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0