Талас башчысы Мураталиев: карантинге алынгандарды эч ким уруп-сабаган эмес

© Фото / Элмира СуйутбековаӨкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Соль-Илецкиден келгендер Таласка барганда обсервацияга күч менен алынып, адамдар буга нааразы болуп жаткан видео тараган.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Соль-Илецк шаарынан келгендер Таласта обсервацияга алынып жатканда уруп-сабоого тушуккан эмес. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев брифинг учурунда билдирди.

Модератор маалымат жыйыны учурунда кечээ-бүгүн социалдык тармактардагы бийлик өкүлдөрү обсервацияга алынгандарды уруп-сабады деген маалымат тарап жатканын айтып, чын-бышыгын сураган.

"Биз жаткырышыбыз керек. Муну биз алгоритмге ылайыктап, дарыгерлердин кеңеши менен кылып жатабыз, өзү билемдикке барган жокпуз. Каршылык көрсөтүүлөр болгондо эч ким токмоктолгон жок. Түшүндүрдүк, баары эле киришти. Ичинде 4-5 тууганыбыз тил албай укук коргоо органдары менен алып кирип жаткырганбыз. Кимге болсо да ошондой мамиле жасалат. Талас таза турганда алгоритмден чыкпай, талаптарды аткарышыбыз керек. Азыр обсервациядагылардын баары жакшынакай эле жатышат", — деди Мураталиев.

Ошондой эле ал облуста вирусту алдын алуу иштери улантылып жатканын кошумчалады. Мураталиев белгилегендей, учурда ири санитардык-карантиндик посттор менен район аралык посттор иштеп жатат. Ал эми өзгөчө абал режими бүткөндөн кийин айылдагы посттор алынмак. Бирок кээ бир жашоочулар аны өз демилгеси менен калтырып, ооруну алдын алууга өз салымдарын кошуп жатат.

Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соль-Илецкиден келгендер Ошто үй карантинге алынып, жоопкерчилиги түшүндүрүлдү
Мындан тышкары, Мураталиев жазгы талаа иштери өз нугунда жүрүп жатканын айтып, 25-майдан тарта мал-жан тоого көчүрүлө турганын билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ, 18-майда, Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген 51 адам Талас облусуна кирери менен обсервацияга алынган. Алардан кошумча дагы ПЦР-анализ алынып, карантиндик жайда беш күн жаткырылмай болгон. Бүгүн социалдык тармактарда алардын обсервацияга күч менен алынып жаткандыгын сүрөттөгөн видео тараган. Облус жетекчиси Марат Мураталиев талаптарга баш ийбегендерге катуу чара көрүлөрүн айткан.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Талас облусунда коронавируска чалдыккандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0