Реанимациядагы бейтап: коронавирус бар экенин жаның көзгө көрүнгөндө сезесиң. Видео

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап жаткан дарыгер. Архив
Ооруканадагы бейтап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер кайра жандандыруу бөлүмүндө COVID-19дан дарыланып жаткан оорулууну кепке тарткан. Анын ИВЛ аппаратынан ажыратылганына эки күн болуптур.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында COVID-19 вирусун жуктуруп, дарыланып жаткан бейтап ооруганда адам кантип кыйналарын айтып берди.

Видеону коронавирус менен күрөшүү боюнча иш алып барып жаткан Республикалык штаб таратты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Министерство здравоохраненияКР (@minzdravkg_official)

Анда бейтап коронавирус менен ооругандагы кыйналган учурларын жана инфекция тамаша эместигин эскерткен.

Видеону дарыгер-реаниматолог тартып, "бул биздин бейтап, учурда палатада жатат. Азыр жакшы болуп калды" деп тааныштырып жатканын угууга болот.

Ал кайра жандандыруу бөлүмүндө COVID-19дан дарыланып жаткан оорулууну кепке тарткан. ИВЛ аппаратынан ажыратылганына эки күн болуптур.

"Бүгүн жакшымын. Күйүкпөй калдым. Ооруканага 11-майда түшкөм, реанимацияда беш сутка жаттым. Кислород менен дем албай калганыма эки күн болду. Коронавирус деген бар, аны тоготпой койгон туура эмес. Бул жаман оору экенин жон териң менен сезгенде, дем жетпей, жан көзгө көрүнгөндө билесиң. Тамаша эмес, жашын да, карысын да карабайт экен. Ошон үчүн айтарым, сак болгула", — деди араң дем алган бейтап.

Ал инфекцияны жумуштан жуктуруп алганын кошумчалады.

Коронавирус кесепети

Медсотрудник Марс Тыналиев, который вылечился от коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жашап кетерим күмөн эле. Коронавирусту жеңген 56 жаштагы медиктин маеги
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1270 болуп, анын 910у айыкты. Тилекке каршы, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0