Аэропортто учакты күтүп аткан медиктер. Архивдик сүрөт

Оренбургдан мигранттар учак жана автобус менен алып келинет

143
(жаңыланган 19:55 20.05.2020)
ТИМ Россияда жүргөн кыргызстандыктарга кайрылып, тартип бузуп, жашап жаткан ошол өлкөнү өзгөчө чара көрүүгө аргасыз кылбоого чакырды.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Өкмөт учурда Оренбург облусунун Бузулук районунан балдар, аялдар, кош бойлуулар, улгайган кыргызстандыктарды алып келүү үчүн Оренбург — Бишкек чартердик каттамын уюштурду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта каттам Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашуусунун негизинде ишке ашырылып жатканы айтылды.

Аталган чартердик каттамдын артынан эле жарандарыбызды мекенине кайтаруу үчүн автобустардан колонна дагы уюштурулат.

"Оренбург облусундагы кыргызстандыктарды чыгарып кетүү үчүн Казакстан аймагынан транзиттик коридор уюштуруу маселеси иштелип чыкты", — деп айтылган маалыматта.

Алар Бишкекке келгенден кийин бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылмакчы.

ТИМ Россиядагы кыргызстандыктарды сабырдуулукка, бири-бирин урматтоого, тартипке, кырдаалды туура түшүнүүгө жана жүргөн өлкөсүнүн эрежелерин так сактоого чакырды.

"Чек ара расмий ачылмайынча Россия — Казакстан чек арасын көздөй барбоону суранабыз, өзүӊүздүн, жакындарыӊыздын өмүрүн жана саламаттыгын коркунучка салбагыла. Сиздер жүргөн өлкөнүн бийлигин өзгөчө чара көрүүгө аргасыз кылбай, эмоцияга алдырбай, шашылыш иш-аракеттерге барбастан, авиа жана жүргүнчү ташыган билдирүүлөр кайра иштей баштаганга чейин коопсуз жайларда күтө туруӊуздар", — деп айтылган мигранттарга жасалган кайрылууда.

Буга чейин ТИМ чет жактан бир топ мигранттарды, окуп жүргөн кыргызстандыктарды алып келген.

Мекенге келгенден кийин ал жарандар "Семетей" обсервациясында медицина жана ИИМ кызматкерлерине бир топ ыңгайсыз кырдаалдарды жараткан учурлар болгон

Коронавирус кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1270 болуп, анын 910у айыкты. Тилекке каршы, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

143
Белгилер:
ТИМ, Соль-Илецк, Оренбург, коронавирус, мигранттар, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2773)
Тема боюнча
Соль-Илецкиден келгендер Ошто үй карантинге алынып, жоопкерчилиги түшүндүрүлдү
Соль-Илецкиден келген эне-бала COVID-19 менен ооруканага түштү
Мамлекеттик каттоо кызматынын имараты. Архив

Каттоо кызматынын функциясы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өттү

13
(жаңыланган 17:44 23.06.2021)
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Улукбек Марипов башында турган министрлер кабинетинин курамында жаңы түзүлгөн.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын функцияларын эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги аткарат. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.

Маалыматта министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөнү белгиленди.

Эми Юстиция министрлигинин карамагында болуп келген Архив агенттиги, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, "Унаа" мамлекеттик мекемеси, "Инфоком" мамлекеттик ишканасы дагы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.

Ушуга байланыштуу архив иши, калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо багытындагы бардык маселелер боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылуу керектиги айтылды.

13
Белгилер:
Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Юстиция министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
Иран жана Австриядагы элчилер кызматтан кетип, жаңылары дайындалды
Бишкектеги көргөзмө. Архив

"Эрип бараткан мөңгүлөрдүн бийин" көрүп кетиңиз. Бишкектеги көргөзмө

38
(жаңыланган 16:34 23.06.2021)
Көргөзмөнүн максаты — адамзатты сууга жана климаттын өзгөрүшүнөн улам азайып бараткан баалуу байлыктардын бири мөңгүлөргө аяр мамиле жасоого чакыруу.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында "Эрип бараткан мөңгүлөрдүн бийи" деп аталган көргөзмө өтүп, ага Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн сүрөтү коюлат. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинен билдиришти.

Кыргызстандын жаратылышынан сырткары "Мөңгүлөрдүн агониясы" деп аталган тоо чыгармачылыгы боюнча туруктуу долбоордун көргөзмөсүндөгү эмгектер да коомчулукка тартууланат.

Көргөзмөнүн максаты — адамзатты сууга жана климаттын өзгөрүшүнөн улам азайып бараткан баалуу байлыктардын бири мөңгүлөргө аяр мамиле жасоого чакыруу.

Бишкектиктер жана шаардын коноктору уникалдуу сүрөттөрдү 25-июндан тарта 9-июлга чейин көрө алат. Көргөзмөгө Жерди прикладдык изилдөө боюнча Борбор Азия институту берген сүрөттөр коюлары айтылды.

Каалоочулар 25-июндан тарта "Эрип бараткан мөңгүлөрдүн бийин" Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинен көрө алышат.

Бул иш-чара БУУнун климаттын өзгөрүшүнө арналган конвенциясынын 26-конференциясынын алкагында өтүп жатканы айтылды.

38
Белгилер:
көргөзмө, сүрөт, Мөңгү, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Улуу Ата Мекендик согуштун башталганына 80 жыл. Канттагы аскердик базада эскеришти
Бишкекте кафе-ресторандарга коюлган чектөөлөр алып салынды
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Путин: Россия өзүнүн жана коңшулардын коопсуздугу үчүн баарына даяр

0
Владимир Путин Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин белгиледи.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Москва шаарында өтүп жаткан эл аралык коопсуздук боюнча IX Москва конференциясында Россия президенти Владимир Путин өз өлкөсүнүн эл аралык мамилелер жаатындагы позициясын эске сала кетти.

РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, Путин Россия өз элинин коопсуздугу үчүн бардык аракеттерди көрөрүн айтты.

"Кечээ өлкө тарыхындагы эң өкүттүү даталардын бирин белгиледик. Туура 80 жыл мурда фашисттик Германия биздин мамлекетке кол салган. Бул окуя бизге чоң сабак болгон. Андыктан Россия өз элинин коопсуздугу үчүн колдон келген аракетин жасайт. Куралдарыбызды күчтөндүрөбүз, дипломатия жолу менен сүйлөшүүгө аракет кылабыз, кызыкдар тараптар менен диалогго барабыз", — деди Путин.

Ошол эле учурда президент Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык маселелерди саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин айтты.

"Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабайт. Дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкмалар менен чечишүүгө салым кошкубуз келет. Россия жаратмандыкты колдойт", — деди РФ лидери.

Мындан тышкары, Путин Россия коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү экенин эч качан унутпасын белгиледи.

"Коңшулар менен ажырагыс тарыхый жана маданий байланышыбыз бар. Биз алардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилигибизди унутпайбыз. Биздин жалпы континентибиздеги тынч жашоо жана ачык асман үчүн аймактык чыр-чатактарды басаңдатууга салым кошо бермекчибиз", — деди ал.

Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясы — коргоо мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт эксперттердин башын бириктирип, коопсуздук боюнча жыл сайын өтүүчү форум.

0
Белгилер:
диалог, коопсуздук, регион, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Путиндин макаласы: өткөнгө карап кылчактай бербей, ачык болуш керек
Массалык жок кылуучу куралдын жайылуу коркунучу. Путин Москва форумунда сүйлөдү