Оренбургдан 164 кыргызстандык чартердик каттам менен алып келинди. Сүрөт

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Прилет чартерного рейса Оренбург-Бишкек в аэропорт "Манас"
Прилет чартерного рейса Оренбург-Бишкек в аэропорт Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөт Оренбургдан балдар, аялдар, кош бойлуулар, улгайган кыргызстандыктарды алып келүү үчүн чартердик каттам уюштурулганын билдирген.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бүгүн, 20-майда, Россиянын Оренбург шаарынан Бишкекке 164 кыргызстандык учуп келгенин Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, мекендештер “Манас” эл аралык аба майданына Tez Jet авиакомпаниясынын Оренбург — Бишкек чартердик каттамы менен келди. 

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Россиянын Оренбург шаарынан Бишкекке 164 кыргызстандык учуп келди
Оренбургдан 164 кыргызстандык чартердик каттам менен алып келинди. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Россиянын Оренбург шаарынан Бишкекке 164 кыргызстандык учуп келди

Бардык жарандардын обсервацияга жайгаштырылары айтылды.

Бүгүн ТИМ азыркы чартердик каттамдын артынан эле жарандарыбызды мекенине кайтаруу үчүн автобустардан колонна дагы уюштуруларын кабарлаган

Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 17-апрелден тарта, тагыраагы, акыркы бир айдын ичинде жалпы 17 авиарейс менен 3 500 жаран өлкөгө алып келингенин билдирген.

Коронавирус кесепети

Россиядагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элчилик: Соль-Илецкидеги кыргызстандыктар лагерге барбагандыктан чатыр тигип бердик
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1270 болуп, анын 910у айыкты. Тилекке каршы, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0