Торт, балмуздак, туз. Жүрөккө "бычак" азыктар аталды

© Sputnik / Макс Ветров / Медиабанкка өтүүМороженое в рожке. Архивное фото
Мороженое в рожке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүрөккө зыяндуу азыктардын бири — туз. Туздуу тамактарды жакшы көргөндөр андан дароо баш тарта калбай, бара-бара тузу азыраак тамакка өткөнү дурус. Бир күндүк норма алты граммдан ашпашы керек.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Россиялык дарыгер-кардиолог, медицина илимдеринин кандидаты Анна Кореневич өзүнүн YouTube-каналы аркылуу жүрөк-кан тамыр системасынын иштөөсүн жакшыртыш үчүн кайсы тамактардан баш тартуу керек экенин айтты. Дарыгердин кеңештери РИА Новостиге жарыяланды.

Кардиологдун айтымында, таттуулардагы, булочка, печеньенин курамындагы шекер жүрөк-кан тамырдын иштөөсүн начарлатат.

"Ак нан, ак күрүч, булочка, пирожное сыяктуу таттуу нандардын организмге таптакыр кереги жок. Ансыз жашасак болот. Торт, балмуздак, чипсы, картошка фри, биринчи сорттогу ундан тез жасалган нан, мунун баарын акырындык менен тизмеден чийүү керек. Ак нандын ордуна кара нан жеп, акшак, ар кандай дандан жасалган ботко жеген пайдалуу", — деген дарыгер.

Производство кофе из слоновых экскрементов в Таиланде - Sputnik Кыргызстан
Кофеден баш тартыңыз! 40 жаштан өткөндөргө диетологдун кеңеши
Жүрөккө "бычак" делген азыктардын дагы бири — туз. Туздуу тамактарды жакшы көргөндөр андан дароо баш тарта калбай, бара-бара тузу азыраак тамакка өткөнү дурус. Бир күндүк норма алты граммдан ашпашы керек. Тузду көп колдонуу кан басымды жогорулатып, бөйрөк, остеопороз, муун ооруларына да алып келет.

Кара тизмеге ичимдик да кирген. Адистин айтымында, кызыл шарап гана ичсе болот. Бирок аны да жумасына үч-төрт жолудан ашык ичүүгө болбойт. Ичимдиктердин арасынан сыра абдан зыян. Көбүгүндөгү кобальттын көптүгү жүрөккө терс таасир этет.

Кардиолог жүрөк-кан тамырдын иштөөсүн начарлаткан азыктардын арасына тез татым, сосиска жана пальма майын да кошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0