Бишкектин бир көчөсүндө бүгүндөн тарта автотыгын көбөйөт

Жазылуу
Жолдун чыгыш тарабында борбордук магистралда курулуш иштери башталары айтылды. Курулушка жооптуу тарап жумушту 20-июлга чейин бүтүрүүгө убада берген.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бүгүндөн тарта Бишкек шаарындагы Элебесов көчөсүндө (Фере көчөсүнүн түндүгүндө) автоунаа менен жүрүүдө кыйынчылыктар болорун шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге ылайык, жолдун чыгыш тарабында борбордук магистралдык бөлүгүндө куруу иштери башталат. Ал Дорожный жана Памир тилкелеринин ортосунан өтүп, узундугу 1885 метрди түзмөкчү.

Иш аяктаганда райондун 10 көчөсүндө жана тилкесинде жашаган беш миңден ашык адам үйүн борбордук канализацияга туташтыра алат. Анын ичинде турак жайы Жерге-Тал көчөсүндө жайгашкан Ак-Тилек конушунун тургундары дагы бар.

Подрядчы тарап 20-июлга чейин пландалган курулушту бүтүрүүгө убада берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0