Бүгүн өлкө аймагында 43 кишиден коронавирус чыкты. Акыркы маалымат

© REUTERS / Dado Ruvic / File PhotoКоронавируска алынган материал. Архивдик сүрөт
Коронавируска алынган материал. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жуктуруп алгандар менен бирге эле коронавирустан айыгып, ооруканадан үйүнө чыгарылгандар арбын.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн 43 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Илимпоздор лабораторияда коронавирусту текшерүү үчүн алынган үлгүлөр менен иштеп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арабдар коронавирусту көз ирмемде аныктай турган технология иштеп чыкты
Анын айтымында, Бишкекте 22 кишиден чыгып, аларга Санкт-Петербург шаарынан келген бир адам кошулду. Ош шаарында бешөө, Чүйдө бир адам, Ош облусунда төртөө, Нарында сегиз, Баткенде эки кишиден табылган.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1313 болду.

Өлкөдө ушу тапта абал кандай болуп жатканын редакция жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0