COVID-19 жуктурган 12 кишинин абалы оор, бешөө жандандыруу бөлүмүндө

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДарыгерлер жана бейтап борбордук клиникалык оорукананын палатасында. Архив
Дарыгерлер жана бейтап борбордук клиникалык оорукананын палатасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкөнүн ооруканаларында 370 киши дарыланып жатат. Алардын көбүнүн абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 12 кишинин абалы оор, анын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда стационарларда 370 киши жатат. Орточо оор абалда 51, ден соолугу канааттандырарлык деп бааланган 307 адам бар.

Национальный центр онкологии и гематологии в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Онкологиянын балдар бөлүмүндө медик, оорулуу бөбөктөрдөн коронавирус табылды
Кыргызстанда коронавирус 1313 кишиден табылса, анын 929у айыгып, 14ү каза болду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0