Бишкектеги Жаш гвардия бульварында жайгашкан калкты тейлөө борборлорунда жүздөгөн адамдар кезек күтүп турушат

Калкты тейлөө борборундагы тыгылган элдин видеосу. Коронавируска кезекке тургандай

641
(жаңыланган 10:07 22.05.2020)
Кыргызстанда калкты тейлөө борборлору бүгүндөн тарта иштей баштады. Пандемия шартында этап-этабы менен ишин баштап жаткан мекемелерде социалдык аралык жана гигиеналык эрежелерди сактоо керектиги буга чейин көп ирет айтылып келет.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бишкектеги Жаш Гвардия бульварында жайгашкан Калкты тейлөө борборунда жүздөгөн адам кезек күтүп, аралыкты сактамак турсун, эшиктен тыгылып кирип жаткан видео “Короче” Telegram каналына жарыяланды.

“Калкты тейлөө борборунун биринчи иш күнү. Кыязы акысыз коронавируска кезекке турушкан окшойт”, — деп жазылган видеонун сүрөттөмөсүндө.

Кадрларда сыртта турган эл имараттын ичине умтулуп, кароолчуларды түртүп кирүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда калкты тейлөө борборлору бүгүндөн тарта иштей баштады. Пандемия шартында этап-этабы менен ишин баштап жаткан мекемелерде социалдык аралык жана гигиеналык эрежелерди сактоо керектиги буга чейин көп ирет айтылып келди.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынан башында кызмат көрсөтүү залына саналуу гана кишилерди киргизүү пландалганын айтышты.

“Негизи залга 3-5тен киши киргизип, кызмат көрсөтүлөт деп пландаганбыз. Бирок бир нече ай иштебей тургандыктан, бүгүн эл агылып келди. Убактылуу каттоодо турган чет элдик жарандар көп болуп жатат. Алар бир документти бүтүрүү үчүн турак жайдын ээси жана каттоого туруп жаткан адам болуп экиден киши келиши керек. Экинчиден, Жаш Гвардия бульварында жайгашкан борбордо кишинин мынчалык көп болуп жатканына шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашканы себеп болууда. Калгандары шаардын четирээк жагында болгондуктан, көбү бул жакка келип жатат”, — дешти маалымат кызматынан.

Кезекти суюлтуу үчүн кошумча эки Калкты тейлөө борбору ачылганы айтылды. Биринчиси Садырбаев-107 дарегиндеги “Фрунзе” гипермаркетинде, Ахунбаев көчөсү менен кесилишет. Жалпы аянты 200 чарчы метр.

Экинчиси Тоголок Молдо-21 дарегиндеги мурдагы ЗАГСтын имаратында. Фрунзе көчөсү менен кесилишет, жалпы аянты 80 чарчы метр.

641
Белгилер:
документ, карантин, коронавирус, эл, кезек, Калкты тейлөө борбору, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1511)
Тема боюнча
Өлкөдө коронавирус жуктурган 270 медиктин 223ү айыгып чыкты
Медициналык кызматкерлер тез жардам унаасында. Архив

Жолдон төрөтүп, аман алып калган абысыныма ыраазымын. Ак жарык

9
(жаңыланган 15:19 07.06.2020)
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Sputnik агенттиги окурманга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет. Бул ирет редакцияга келген катка көңүлүңүздөрдү буруп, абысындын жасаган жакшылыгынан улам жарык дүйнөгө аман-эсен, ден соолугу чың наристе келгендиги тууралуу айтылат.

...Саламатсыздарбы, мен да сиздердин "Ак жарык" рубрикаңыздар аркылуу абысынымдын кылган жакшылыгы үчүн ыраазычылык билдирүүнү эп көрүп турам.

Биз шаар сыртындагы жаңы конуштарда жашайбыз. Там салып алганбыз. Үч балабыз бар. Экинчи кайним үйлөнгөндө короого кичирээк там салып өздөрү үйлүү болгуча деп бөлүп койгонбуз. Кайнатамдар айылда жашайт.

Ошентип менден жети жаш кичүү, тарсылдаган тың, ачык-айрым абысындуу болдум. Менин мүнөзүм жоош, кенебей, шашылбай жүрө бермейим бар. Тигүүчү болуп иштегендиктен жумуштан дайыма кеч кайтам. Абысыныма дагы бир ичим жылыганы — мен жумуштан келгиче балдарыма көз салып, тамагын берип курсагын тойгузуп коюп жүрдү. Күн бою жумушта жүргөн энелерге бул аябай эле чоң жардам. Жолдошум да ишине байланыштуу кеч бошогондуктан, балдарды бакчадан алып коюу кайнимдин мойнунда болчу.

Абысыным келгенде үчүнчү балам боюмда болчу. УЗИге барсам "бала туура эмес жатып алыптыр, бирок төрөгүчө түздөнөт" деп айткандан элден угуп көптү төрөгөн эжеге ырым-жырым жасаткам.

Белгиленген күнүмө жетпей эле бир күнү ичим акырындан ооруп баштады. Мен ай толгоо го деп камырабай, акырын басып үй иштерим менен жүрө бердим. Байкасам улам эле кармап, акырындан катуулай берди. Эмнеси болсо дагы деп ооруканага алып барчу оокаттарымды дагы бир сыйра даярдап иреттегенче чай койдум. Абысынымды чакырып, ичим ооруп жатканын айтсам эле чала-була чай ичип "анда даярданыңыз, кебетеңиз башкача болуп турат" деп шаштырып кирди.

Кийинип даярданып баштаганда эле суу кетти, айламды таппай калдым. Абысыным ырас чуркап барып кошунаны айдатып келе коюптур. Өзүмдү колго алып эптеп машинеге отуруп, аны-муну салып жөнөп калдык. Анан эле жолдон такыр болбой калдым. Айдоочунун да шаштысын кетирдик. Келиним да "жеңе, такыр шашпайсыз" деп чыйпылыктап урушуп жатат. Төрөтканага жетпей каларыма көзүм жеткенде абысыныма: "Өлүп калам го, кантип төрөйм? Бала келип калды", - деп кыйналганыма коркконум кошулуп көзүм алайды. Ошондо келинимдин чечкиндүүлүгүнө таң бердим. Өзү жаңы турмушка чыккан жаш келин. Машинаны жолдун чекесине токтоттуруп, айдоочуну чыгарып жиберди да, мени төрөтүүгө киришти. Он беш мүнөткө жетпей алышып жатып бат эле төрөп койдум.

Жаным жай алганы менен ичимен "эми дарыгерлер не дейт, бала жакшы эле төрөлдү бекен?" деп сарсанаа болуп жатып карасам, келиним байкуш менин аркы-беркилеримди жыйнап, бала менен алектенип, бир сүйүнүп, бир чыйпылыктап жатканын көрдүм. Ичим ысып, ыраазы болдум. 

Ошентип айдоочу төрөтканага алып келип токтотуп, абысыным кирип эле медиктерди чакырып чыкты. Ичимен коркуп, тынчсызданып жаттым. Ак халатчандар бизди палатага киргизип, мени жайгаштырып, баланы да карап, журналына жазып абысыныман төрөт тууралуу сурай баштады. Көрсө, бала буту менен келиптир. Медиктер буту менен келген баланы келиним туура төрөтүп алгандыгын, бул оңой эмес экендигин айтканда бир аз жеңилдей түштүм. Алар деле таң калып күлүштү. Байкуш келиним бала каягы менен келерин деле билбептир. Ал өзү таң калып жүрөт. Экөөбүз тең жашып, кучакташып, кыйынчылыктан бирге чыкканыбызга сүйүндүк. Рахматымды айттым.

Мен өзүмдү бир өлүмдөн калгандай сездим. Эне-баланын өмүрүн сактап, киндик энеси болгон абысыныма ыраазымын.

Баса, эки уулдан кийин төрөлгөн кызымдын ысымын атасы экөөбүз кеңешип абысыныма койдурдук.

Азыр абдан ынакпыз. Өзү төрөп көрбөсө да ошондогу чечкиндүүлүгүнө, айдай кызым экөөбүздүн өмүрүбүздү сактаган батылдыгына рахмат!

9
Белгилер:
медик, келин, кыз, бала, төрөткана
Тема:
Ак жарык
Тема боюнча
Бетиме жайылган кан, такси менен жеткирген шаардык аба. Абитуриенттин ак жарыгы
Медициналык беткаптагы балдар ойноп жатышат

COVID-19: Кытайда эпидемиологиялык кооптуулук төмөндөдү

4
Болжол менен бир ай мурда Кытайда эпидемиологиялык абал турукташып, көрсөткүч бир топко төмөндөгөн. Бирок Цзилинь провинциясында жана Уханда кайра вирус аныкталгандар катталган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кытайдагы аймактардын баарында коронавирус боюнча эпидемиологиялык кооптуулук төмөндөдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Билдирмеге ылайык, жекшемби күнү Цзилинь шаарынын бийлиги райондордогу эпидемиологиялык кооптуулукту жогорку көрсөткүчтөн төмөнкү, ортоңкудан төмөнкү көрсөткүчтөргө ылдыйлата алышкан.

Жыйынтыгында Кытайда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал кооптуу делген бир да район калган эмес.

Болжол менен бир ай мурда Кытайда эпидемиологиялык абал турукташып, көрсөткүч бир топко төмөндөгөн. Бирок Цзилинь провинциясында жана Уханда кайра вирус аныкталгандар катталгандыктан, айрым шаарлар кайра кооптуу аймакка кирген.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

4
Белгилер:
кооптуулук, эпидемия, коронавирус, аймак, Кытай
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Казакстан президентинин маалымат катчысынан COVID табылды
G20 өлкөлөрү коронавирус менен күрөшүүгө 21 миллиард доллар бөлөт