Намаз кылып аткан мусулман. Архивдик сүрөт

Муфтият: Айт намаз аянт, мечиттерде окулбайт

367
(жаңыланган 13:33 21.05.2020)
Муфтият 24-май күнү таңкы саат 07:00дөн 07:30га чейин КТРК телеканалынан муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болорун кошумчалады.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. 24-майда Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, мындай чечим өлкөдө коронавирустун жайылып кетпеши үчүн кабыл алынган.

"Илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле Орозо айт намазы да аянт жана мечиттерде болбойт. Туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайлы", — деп айтылат маалыматта.

Муфтият 24-май күнү таңкы саат 07:00дөн 07:30га чейин КТРК телеканалынан муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болорун кошумчалады.

367
Белгилер:
муфтият, намаз, орозо айт
Тема:
Орозо — 2020 (21)
Тема боюнча
Орозо айт качан болору айтылды
Кыргызстандыктар алдыда үч күн эс алат

Комдонуп, кулакты жапырып. Кара кулак шердин жонунан тартылган видео

24
Америкадагы зоопарктардын биринде кара кулак шердин кантип чуркагандыгын, күүлөнгөндүгүн, дегеле кыймыл аракетин бир нече сантиметр жакындыктан көрсөтүп беришти.

Адатта бул жырткычтын жанына жолоого мүмкүн эмес экендиги баарына дайын. Бул туурасында "National Geographic Россия" сайты жазды.

Кара кулак шер мышык тукумундагы жаныбарлардын эң күлүгү. Үч секунда ичинде ылдамдыгын саатына 112 чакырымга жеткире алат, тагыраагы, тез күүлөнөт. Бир секундада өзүнүн тулку боюнан 16 эсе узун аралыкка чуркоого жөндөмдүү.

Цинциннати зоопаркынын кызматкерлери кызыккандарга сейрек видеону тартуулашты. Сейрек дегендин себеби, бир нече сантиметрден туруп, ошончолук ылдамдыкта, аны менен эч ким катарлаша чуркай албайт. Мындай мүмкүн да эмес, себеби жырткыч чоочун бирөөнү жанына жакын жолотпойт.

Зоопарк кызматкерлери кара кулак шердин бел жагына GoPro камерасын орнотуп, анын бир кадамын көрүүчүлөргө тартуулады. Аны карап турган адам жаныбардын кантип даярданып, кантип күүлөнүп, анан кантип атырыла чуркап бара жаткандыгына күбө боло алат.

24
Белгилер:
кара кулак, зоопарк, ылдамдык, видео, АКШ
Тема боюнча
Иранда иттерди COVID-19ду аныктоого үйрөтүшүүдө. Кызыктуу видео
Карантинден кийин көрүшкөн кожоюн менен эшектин эмоциясы. Видео
Сууга түшүп жаткан балдар. Архив

Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү

17
Эгер адам сууга чөгө баштаса, өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса өзүн-өзү сактап калуусу мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдө киши эмнени эске алыш керектигин санап берип, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбагыла деп катуу эскертти.

Сууга түшүү эрежелери:

  • Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат;
  • Сууга чоңдордун көзөмөлүндө гана түшүү керек;
  • Мурда көрүп-билбеген, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга болбойт;
  • Мас болуп сууга түшкөнгө болбойт;
  • Баланы суу боюнда кароосуз калтырбагыла;
  • Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
  • Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлагыла;
  • Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал;

Көпүрө, тосмо, кеме токтоочу жай, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

Сууда сүзгөндү билбегендер үчүн кеңештер

"Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса адамдын өзүн-өзү сактап калуусу мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот", — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар көлгө түшкөндө алыс жакка сүзүп кетпөөнү, тамакка тоюп алып сууга түшпөөнү да эскертишти.

17
Белгилер:
кеңеш, Суу, куткаруучулар, ӨКМ
Тема боюнча
Ошто Папан суу сактагычынан 22 жаштагы жигиттин сөөгү табылды