Былтыр прокуратуранын 37 кызматкери жоопко тартылган

Жазылуу
2019-жылы прокуратура кызматкерлерине беш кылмыш иши козголду. Эки кылмыш иши боюнча эки кызматкер соттолду. Бир кылмыш иши соттук кароодо турат. Экөө кылмыштын курамы жок деп табылгандыктан кыскартылган.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Былтыр прокуратура кызматкерлерине өлкө боюнча беш кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске салсак, ушул тапта парламент Башкы прокуратуранын 2019-жылкы иши боюнча отчетун угуп жатат.

Депутат Таалайбек Масабиров канча прокуратура кызматкерине кылмыш иши козголгонуна жана анын себебине кызыкты.

"Былтыр беш кылмыш иши козголду. Эки кылмыш иши боюнча эки кызматкер соттолду. Бир кылмыш иши соттук кароодо турат. Экөө кылмыштын курамы жок деп табылгандыктан кыскартылды", — деди Жамшитов.

Башкы прокурор 2019-жылы жалпысынан 37 кызматкер жоопкерчиликке тартылганын кошумчалады. Алардын үчөө кылмыш жоопкерчилиги боюнча каралууда. Дагы төрт адам прокуратура кызматтарынан четтетилген. Калгандары тартип жоопкерчилигине тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0