Башкы прокуратура: зомбулукка кабылган балдар көбөйүп жатат

Жазылуу
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов балдарга карата жасалган зомбулук көбүнчө Бишкек, Ош, Талас жана Балыкчы шаарларында өсүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда зордук-зомбулукка кабылган балдардын саны өскөн. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске салсак, ушул тапта парламент Башкы прокуратуранын 2019-жылкы иши боюнча отчетун угуп жатат.

Депутат Айнура Аскарова карантин учурунда жашы жете элек балдардын өз жанын кыюусу боюнча фактылар катталып жатканын айтып, бул жаатта кандай иштер болуп жатканына кызыкты.

"Чындап эле карантин убагында балдардын зомбулукка учурашы боюнча иштер катталды. Жергиликтүү органдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берилди. Негизинен былтыр мурдагы жылдарга караганда балдар зомбулукка көп кабылды", — деди Жамшитов.

Анын айтымында, 2019-жылы балдарга карата 4533 материал катталган. Анын ичинен 2574 кылмыш иши, 1959у жоруктар боюнча болгон.

"Зомбулук көбүнчө Бишкек, Ош, Талас жана Балыкчы шаарларында өсүп жатат", — деди башкы прокурор.

Ал жашы жете электерге жана аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү прокуратура органдары үчүн артыкчылыктуу багыт экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0