Нарындагы коронавирус: министрлик төрөт үйлөрүндө көзөмөлдү күчөтөт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Нарын облусунда вируска чалдыккандардын саны 221 кишиге жетти. Соңку ирет COVID-19 төрөт үйдөн жана мамлекеттик мекемелерден катталды.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Республикалык ыкчам штаб Саламаттык сактоо министрлигине төрөт үйлөрүндө вирусту жайылтпоо үчүн көзөмөлдү күчөтүүсүнө тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, медициналык мекемелерде, айрыкча төрөт үйлөрүндө жана балдар бөлүмдөрүндө коронавирусту жуктурууга жол бербөө үчүн инфекциялык көзөмөл системасын күчөтүү зарылдыгы белгиленген.

"Бул маселеге бөтөнчө көңүл буруу зарыл", — деген вице-премьер Кубатбек Боронов.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов үймө-үй кыдыруу, коомдук жайларда, административдик имараттарда дезинфекциялоо жүргүзүлүп, мобилдик бригадалардын иши күчөтүлгөнүн белгилеген.

Биринчи вице-премьер-министр Нарын шаарындагы абалга кооптонуусун билдирди.

"Мындай абал шаар боюнча транспорттун жана калктын кыймылын чектөөнү талап кылат. Олуттуу чараларды кабыл алуу зарыл. Мындан тышкары, оорунун очогу саналган аймактарды, анын ичинде дарыканаларды, дүкөндөрдү жана башка коомдук жайларды сапаттуу дезинфекциялоого көңүл буруу керек. Ошондой эле оору менен байланышта болгон бардык жактар камтылышы зарыл", — деген Боронов.

Работа за компьютером - Sputnik Кыргызстан
Нарында Жер ресурстары мамагенттигинин 6 кызматкеринен вирус чыкты
Ошондой эле ыкчам штабдын мүчөлөрү күндө коронавирус боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан лабораториялардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү талкуулашкан.

Мындан тышкары, чет өлкөдөн келип обсервацияда жаткандарды аймактардагы жашаган жерине жеткирүү боюнча уюштурулган алгоритмди сактоо маселесине басым жасалган.

Белгилей кетсек, учурда Нарын облусунда вируска чалдыккандардын саны 221 кишиге жетти. Акыркы учурда вирус төрөт үйлөрдөн, медиктерден, милиция кызматкерлеринен жана мамлекеттик мекемелерден чыгып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0