Киши акчан берип жатат. Архив

Айлыгы 10-12 миң сом. Прокуратуранын айрым кызматкерлерине ата-энеси жардам берет

377
(жаңыланган 16:23 21.05.2020)
Депутат Тазабек Икрамов көзөмөл органынын кызматкерлери ушунча аз айлыкка кантип жашап жатканына кызыгып, бул нерсе аларды коррупциялык иштерге түртпөйбү деп суроо салды.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Прокуратура органдарына жумушка жаңы кирген кызматкер 12 миң сом айлык алат. Техникалык кызматкерлер арасында 10 миң сомдон алгандары дагы бар. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске салсак, ушул тапта парламент Башкы прокуратуранын 2019-жылкы иши боюнча отчетун угуп жатат.

Депутат Тазабек Икрамов көзөмөл органынын кызматкерлери ушунча аз айлыкка кантип жашап жатканына кызыгып, бул нерсе аларды коррупциялык иштерге түртпөйбү деп суроо салды.

"Айрым кызматкерлерибизге ушул убакка чейин ата-энеси жардам берет. Учурунда кээ бир кесиптештерим 200-300 сом айлык алып иштешкен", — деди Жамшитов.

Мындан тышкары, ал кызматкерлердин көбүнүн өз турак жайы жок болгондуктан, кызматтык үй көйгөйү толугу менен чечүү маселеси курч турганын белгиледи.

Мындан улам бир катар депутаттар прокуратура органдарынын кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча маселени кароо керек деген пикирлерин айтышты.

377
Белгилер:
айлык-акы, кызматкер, Башкы прокуратура, Өткүрбек Жамшитов
Тема боюнча
Былтыр прокуратуранын 37 кызматкери жоопко тартылган
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

122
(жаңыланган 01:19 26.11.2020)
Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал өлкөдө ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

"Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз", — деп жазган Мендез. 

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө "Жакында Кыргызстанга барам" деп жазган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен. Анда ал КРде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

122
Белгилер:
Көк бөрү, спортчу, тренер, Хабиб Нурмагомедов, Кыргызстан
Тема боюнча
Миссиямды аткардым. Хабиб кайра октагонго чыгар-чыкпасын айтты
Бишкек шаары. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

62
26-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Нарында -3…+2, Ысык-Көлдө -1…+4 градус болот.

Ош шаарында +4...+6 градус жылуу болсо, борбор калаада абанын температурасы +3...+5 градуска чейин жетет.

62
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Күн качан жылыйт? Бир жумага карата аба ырайы