Абак. Архив

Депутат: пара алып кармалган тергөөчү Арпачиев мунапыс менен бошоп кетти

366
Эске салсак, 2015-жылдын 24-мартында Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев УКМК тарабынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. 2015-жылы пара алып жаткан жеринен кармалды делген Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев мунапыс аркылуу боштондукка чыкканын Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева парламентте айтты.

Эске салсак, ушул тапта парламент Башкы прокуратуранын 2019-жылкы иши боюнча отчетун угуп жатат.

Алгач депутат кайсы беренелердин незинде соттолгондорго мунапыс колдонулбай турганына кызыкты.

Башкы прокурор кызматтык жана коррупциялык кылмыштар боюнча соттолгондор амнистияга илинбесин айтканда, Алтыбаева алгач "Коррупция" беренеси менен иши каралган Арпачиев чыгып кеткенин билдирди.

"Ал жерде иш кайтадан квалификацияланган. Мен азыр парламент Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата жактырып берген мунапыс тууралуу мыйзам долбоорун айтып жатам", — деди Жамшитов.

Эске салсак, 2015-жылдын 24-мартында Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев УКМК тарабынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ошол учурда УКМКнын берген маалыматына ылайык, Арпачиев экс-депутат Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковдон кылмыш ишин жабуу үчүн 200 миң доллар талап кылган. Биринчи Май райондук соту аны 14 жылга кескен.

366
Белгилер:
кылмыш иши, мунапыс, Өткүрбек Жамшитов, Кылычбек Арпачиев
Тема боюнча
Жайнаган 1000 сомдуктар. Ошто сот аткаруучу пара менен кармалган видео
Пара менен кармалган Биринчи май райондук сотунун судьясы жумушка чыккан жок
Финпол: пара менен кармалган судья кол тийбестиктен ажыратылышы мүмкүн

ММУнун Оштогу филиалына Москвадан 100гө чукул адис келип, сабак бермекчи

3
(жаңыланган 20:24 29.05.2020)
Окуу жайга алгач 90го чейин абитуриентти кабыл алуу пландалып жатат. Студенттер бир нече адистик боюнча билим алат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. ОшМУнун алдында ачыла турган Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты аталган калаада курула баштады. Келечекте ал жерге Россиядан жүзгө чукул адис келип билим берет. Бул тууралуу ОшМУнун маалымат кызматы билдирди.

Анда курулуш иштерине Ош мамлекеттик университетинин бюджеттен 76 миллион сом бөлүнгөнү айтылган.

"Окуу жайдын филиалы күз айларында курулуп бүтүп калат. Капсула салуу аземине ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин катышты. Филиал ОшМУнун алдында ачылат. Алгач 60тан 90го чейин абитуриентти кабыл алуу пландалып жатат. Студенттерге Москвадан келген жүзгө жакын адис билим берет", — деп айтылат маалыматта.

Университеттин филиалында студенттер колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктерине билим ала алышат. Аны ачуу демилгеси 2019-жылы Кыргызстан менен Россия президенттеринин жолугушуусунда колдоого алынган.

ОшМУнун маалымат кызматы 28-май күнү Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесинин алкагында Россиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун биргелешкен кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге кол коюлгандыгын да билдирди.

Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети – дүйнөдөгү эң чоң жана тарыхый университеттердин катарына кирет. Курамында 15 илимий-изилдөө институт, 43 факультет бар. Ошондой эле Казакстан (Нур-Султан), Өзбекстан (Ташкент), Азербайжан (Баку), Тажикстан (Душанбе), Армения (Ереван) жана Словенияда (Копер) филиалдары бар.

3
Белгилер:
Ош мамлекеттик университети (ОшМУ), Москва, курулуш, окуу жай, Ош, Кыргызстан, Россия
Кыргызстандын желеги жана акча. Архивдик сүрөт

Тышкы карыз көйгөйү кантип чечилет? Жээнбековдун сунуштарына түшүндүрмө

35
(жаңыланган 18:08 29.05.2020)
Эске салсак, 28-майда "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу эл аралык онлайн форматындагы форумга Кыргызстан да катышкан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков 28-майда өткөн эл аралык форум боюнча өз оюн билдирип, президенттин сунуштарына түшүндүрмө берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эске салсак, 28-майда "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу эл аралык онлайн форматындагы форумга Кыргызстан да катышкан. Анда Сооронбай Жээнбеков тышкы карызды чечүүнүн үч этабын сунуштаган. Биринчи этабында "тышкы карызды терең реструктуризациялоо зарыл" деп жазылып турат.

Сыдыков карызды реструктуризациялоо маселесине токтолгон.

"Карызды реструктуризациялоо — өкмөт белгилүү бир долбоорду жүзөгө ашырып, аны каржылап, өзүнүн бюджеттик каражаттарын бөлүп берет дегенди түшүндүрөт. Ал эми тышкы карызды берген өнөктөш өлкө карыздарын кечет. Мунун баары тиешелүү келишим менен даярдалат", — деди Сыдыков.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы өкмөт жакын арада бул маселе боюнча конкреттүү сунуштарды даярдап, өзүнүн көз караштарын билдирет деп кошумчалады. Ошондой эле тышкы карызды терең реструктуризациялоо жаатында өнөктөш мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрөт деген ишенимин билдирди.

"Дүйнөдө мындай тажрыйбалар колдонулуп келет жана бул кадыресе көрүнүш", — деди Сыдыков.

Февраль айына карата берилген маалымат боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 миллиард доллар. Анын ичинен 3,9 миллиарды — тышкы карыз.

35
Белгилер:
сунуш, форум, Тышкы карыз, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Быйыл Кыргызстан тышкы карызын кайсы валюталар менен төлөйт