Карантин учурунда фитнес-клуб. Архив

Мэрия: 25-майдан тарта бассейн, фитнес-клубдар иштей баштайт

191
(жаңыланган 14:49 21.05.2020)
Спорт залдарда күрөш, бокс, футбол, баскетбол сыяктуу бири-бири менен байланышкан, топ-топ болгон машыгууларга тыюу салынат.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. 25-майдан тарта борбор калаада бассейн, фитнес-клуб, спорт, машыгуу залдары иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, мындай тизмени мэрия Республикалык штабдын чечимине таянып түзгөн.

"Спорт залдарда күрөш, бокс, футбол, баскетбол сыяктуу бири-бири менен тыгыз байланышкан, топ-топ болгон машыгууларга тыюу салынат. Жалгыздап машыккандарга гана кирүүгө уруксат. Ошондо дагы аралыкты сактап, санитардык талаптар так аткарылышы керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин өкмөт 25-майда өлкөдөгү ири базарлар, анын ичинде "Дордой", "Орто-Сай", "Ош", "Кара-Суу" базарлары иштей баштай турганын айткан. Мындан сырткары, 50 орундан ашпаган коомдук тамактануу жайлары, театр, музей, китепкана сыяктуу маданий агартуу жайларынын иши да бул күндөрү жанданат.

Шаар ичиндеги коомдук транспорт да 25-майдан тарта эл ташый баштайт.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус 1313 кишиден табылса, анын 929у айыгып, 14ү каза болду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

191
Белгилер:
спорт, машыгуу, бассейн, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1510)
Тема боюнча
Мамкаттоо: мөөнөтү өтүп кеткен паспорт, каттоо үчүн айып салынбайт
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архивдик сүрөт

Дастан Жумабеков көк бөрүчү Кушчубай Илис уулуна автоунаа белек кылды. Видео

7
(жаңыланган 16:39 06.06.2020)
Спикер 2019-жылдагы мыкты көк бөрүчүлөрдүн бирине Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаа тартуулаган.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков "Ынтымак" командасынын улакчысы Кушчубай Илис уулуна автоунаа белек кылды. Бул туурасында спикер Instagram баракчасына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Дастанбек Джумабеков (@dastanbek_djumabekov_official)

Анда төрага 2019-жылдагы мыкты көк бөрүчүлөрдүн бири Илис уулуна Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаа тартуулаганы айтылат.

"Төрага Дастан Жумабеков эл аралык класстагы спорт чебери, жаш улакчыга ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалады", — деп жазылган.

Автокөлүктүн ачкычын Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын жанында тапшырганын көрүүгө болот.

7
Белгилер:
белек, автоунаа, улакчы, Дастанбек Жумабеков
Тема боюнча
Германияга чейин барган. Төрага Жумабеков чоң атасы тууралуу айтып берген видео
Президент Аалы Туткучев баштаган сыймыктуу уул-кыздардын энелерин сыйлады. Сүрөт
Гвоздика гүлү. Архивдик сүрөт

Профессор, физика-математика илимдеринин доктору Арапбай Марипов дүйнөдөн кайтты

10
(жаңыланган 16:31 06.06.2020)
Марипов физика-математика илимдеринин доктору, Нью-Йорк илимдер академиясынын академиги, Эл аралык оптика коомунун мүчөсү болгон.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. 5-июнь күнү белгилүү илимпоз, профессор Арапбай Марипов 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Марипов физика-математика илимдеринин доктору, Нью-Йорк илимдер академиясынын академиги, Эл аралык оптика коомунун мүчөсү болгон. 

Заслуженный деятель науки, профессор Арапбай Марипов
© Фото / из семейного архива Мариповых
Илимпоз, профессор Арапбай Марипов

Профессор Арапбай Марипов 1939-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында жарык дүйнөгө келген. Москва мамлекеттик университетин 1964-жылы аяктаган. 1994-жылы "Кубулуп турган голографиясынын жаңы аспектилери" ("Новые аспекты радужной голографии") темасында докторлук диссертациясын жактаган. Жетимиштен ашык илимий макалаларды жарыялаган, анын ичинен бир монографиясы бар.

Арапбай Мариповдун сөөгү эртең, 7-июнда, "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет.

10
Белгилер:
өлүм, профессор
Тема боюнча
Улуттук сүрөт өнөрүн көтөргөн Кыргыз эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды