Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги диний аалымдар менен биргеликте ал күндү кантип өткөрүү керектигин сунуштайт.
Кайрымдуулук кылгыла. Орозо айт — мусулмандардын эки чоң майрамынын бири. Бул күнү адамдар өз дараметине жараша кайрымдуулук кылып, жакын тууган, кошуналарына жана муктаждарга кол сунганы жакшы. Азыркы пандемиялык абалга байланыштуу мунун баарын аралыкты сактоо менен жасаса болот. Андан сырткары, битир-садаганы терминал, мобилдик төлөмдөр аркылуу төлөсө да болот.Үй-бүлө менен болгула. Орозо майрамында ар бир үй-бүлө колунан келишинче дасторконун жайып, жакшы маанайда өткөрүүнү тилейт. Майрамда айрым жумуштарды башка күнгө жылдырып, үй-бүлө мүчөлөрү менен сырдашып отургула. Анан COVID-19 вирусунун дагы жайылып кетүү коркунучунан улам адистер, бийлик өкүлдөрү жарандарды мейманга барып, конок тосуудан оолак болууга үндөйт. Ал эми алыстагы жакындарды интернет өңдүү байланыш каражаттары менен куттуктоо, каалоо-тилектерди айтып, саламатчылыгын сурап коюуга жол берилет.
Белек берүү жүрөктөрдү жакындатат. Арыздашып, таарынышып жүргөн тууган, теңтуш же кесиптештер бири-бириңерди кечиргиле. Ошондой эле майрамдын урматына белек ыроолоп. жакшы сөз айтып, Орозо айтта кечирим сураса сообу көбүрөөк тиет. Бул дагы азыркы кырдаалды эске алуу менен жасалышы шарт.
Арамдан алыс... Орозо айтты аша чаап шаан-шөкөткө айлантып, спирт ичимдигин ичүүгө болбойт. Ошондой эле бирөө менен талашып-тартышып, араздашууга жана жаман сөздөрдү айтууга тыюу салынат. Маркумдарга багыштап куран окуу ашыкча болбойт.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.
Улуу таланттын көзү өтсө да, анын экинчи өмүрү ырларында жашап калды. Sputnik Кыргызстан агенттиги Токон Эшпаев тууралуу сүрөттөрдүн түрмөгүн даярдаган.
Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгондугу маалым. Атасы 60тан ашканда көргөн уулуна ырымдап Токтомамат деген ысым ыйгарат. Себеби ага чейинки балдары чарчап кала берген экен. Токтомамат эки жашка чыкканда төрөттөн улам апасы каза таап, Салима аттуу өгөй энесинин колунда чоңоёт. Бирок Салима апа кичинекей Токон менен анын бир туугандарын бооруна басып, энесиндей мээрим төгүп камкордукка алыптыр.
Кийин 1969-жылы чоң сахнага аттанганда белгилүү талант Токон Эшпаев деген ат менен элге таанылган.
Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкендигин жакындан тааныгандар айтышат. Обончу "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.
1971-жылы аталган жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл аскердик ансамблдерде аткаруучу, жергиликтүү райондук кеңештин маданият бөлүмүнүн башчысы өңдүү жетекчилик кызматтарда иштеген. 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелерин жетектөө боюнча жогорку курсту аяктап, 1987-жылдан 1992-жылга чейин Ош облустук филармониясында директор болот.
Ал эми 1993-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Ош облустук филармониясынын солист-вокалисти болуп эмгектенген.
Кант диабети жана боор илдетинен жабыркап келген Токон Эшпаев 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган. Дарыгерлер боорго күч келет деп акыркы кезде ырдаганга тыюу салат. Бирок белгилүү обончу буулуккан булбулдай болуп ырдамайынча тура алган эмес. Обон созгон сайын үнү ачылып, бир отурганда он чакты чыгарманы бир ырдаган адаты болгонун айтып келишет. Акыркы жолу ооруганда дайыма дарыланып жүргөн Бишкектеги ооруканага барууга макул болбой койгон.
Токон Эшпаевдин сөөгү Ош шаарында жерге берилген.
Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Анын көкүрөгүндөгү таланты ата-энесинин каршылыгына карабай музыкалык жогорку билим алууга түрткөн.
Токон Эшпаев менен Рыспай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде бир тайпада билим алышкан. Экөөнүн эсте калган күндөрү абдан көп.
1971-жылы жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл ансамблдерде обончу, аткаруучу болуп иштеп, аймактарда концерт коюшкан.
1987-жыл. Кыргыз циркинин мурунку директору Курмангазы Исанаев экөө дос болушкан. Андан тышкары, 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелеринин жетектөө боюнча жогорку курста бирге окушкан.
Токон Эшпаевдин өз энеси ал эки жашка чыкканда төрөттөн каза болуп калган. Бирок өздөй көргөн өгөй энеси Салима апанын мээримине канып чоңоёт.
1967-жылы Ош шаарындагы Маданият үйүндө келечектеги жубайы Инават Камбаралиева менен таанышкан. Экөө студент кезде баш кошот.
Кыргыздын генийи Табылды Эгембердиев менен сый тамак үстүндө
Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен.
Ал "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.
Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев жана белгилүү обончу Абдыкерим Ахмедов менен түшкөн
Токон Эшпаев жубайы Инават Камбаралиева экөө беш баланын бактылуу ата-энеси болушкан
Залкар талант 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган.