РФтеги мекендештер паспортунун мөөнөтүн кайдан узарта алат? Элчиликтин жообу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМосква шаарына мигранттын документин текшерип жаткан полиция кызматкерелри. Архив
Москва шаарына мигранттын документин текшерип жаткан полиция кызматкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2004-жылкы үлгүдөгү КР жаранынын паспорту (эски үлгүдөгү ID-карта) жана чет жакта жүргөн жарандар үчүн 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт 2020-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп табылат.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мекендештер паспортунун мөөнөтүн кайсы мекемелерден узарта аларын айтты.

Эске салсак, 21-майда документтердин жарактуу мөөнөтүн убактылуу узартууга уруксат берген өкмөттүн токтому чыккан. Анда "2004-жылкы үлгүдөгү КР жаранынын паспорту (эски үлгүдөгү ID-карта) жана чет жакта жүргөн жарандар үчүн 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт 2020-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп табылат" деп айтылат.

Элчилик мекендештер паспортунун мөөнөтүн узарта алчу жайлардын даректерин жарыялады.

  • КРдин Россиядагы элчилиги, Москва шаары;
  • Екатеринбург шаарындагы башкы консулдук;
  • Новосибирск шаарындагы башкы консулдук;
  • Санкт-Петербург шаарындагы элчиликтин канцеляриясы;
  • Красноярск шаарындагы элчиликтин канцеляриясы;
  • Владивосток шаарындагы элчиликтин канцеляриясы.
"Документтер ушул гана мекемелерден узартылат. Кызмат көрсөтүү акысыз болот. Ички паспорту бар жарандарга дипөкүлчүлүктөрдөн документтин жасалма эмес экенин тастыктоочу маалымкат берилет", — деп айтылат маалыматта.

Элчилик паспорттордун мөөнөтүн узартууга документ кабыл алуу 1-июнда башталарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0