Коронавируска тест жасоо үчүн алынган үлгү

Кыргызстанда дагы 37 киши коронавирус жуктуруп алды

521
(жаңыланган 10:12 22.05.2020)
Өлкөнүн айрым аймактарынан жана Бишкек шаарынан карантин чаралары алына элек. Анткен менен көчөлөрдө автоунаа көп, жөө жүргөндөр андан арбын.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн 37 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Булардын ичинде Бишкекте алты киши, Нарында 21, Ошто алты адам бар. Мындан тышкары, бир киши Соль-Илецкиден келсе, дагы үчөө Санкт-Петербург шаарынан келген мекендеш. Жаңы учурдун арасында үч медицина кызматкери бар.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандарды жалпы саны 1350 болду.

Өлкө аймагындагы абал тууралуу кеңири Sputnik агенттиги жүрүгүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.

521
Белгилер:
дарылануу, аймак, Кыргызстан, жуктуруу, Нурболот Үсөнбаев, анализ, тест, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (905)
Тема боюнча
COVID Кыргызстанды кантип өзгөртүүдө? Абал тууралуу тексттик баяндама
Экономисттер COVID-19 адамга кандай пайда бергенин айтты
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев

COVID-19ду кимдер массалык түрдө жайылтып жибериши мүмкүн. Үсөнбаевдин жообу

53
(жаңыланган 11:29 05.06.2020)
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү коронавируска чалдыгып, бирок анын белгилери билинбей же жеңил формада өтүп жаткандарды обочолонтуунун зарылчыгын айтып берди.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Коронавирустун симптому жоктор жана аны жеңил көтөргөндөр башкалар сыяктуу ооруканага жатып, бир нече ирет анализ тапшырып чыгышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Коронавируска чалдыккандардын көбүндө анын белгилери жок болот. Арасында жеңил формада ооругандар бар. Айрымдар эмнеге аларды ооруканага кармап, обочолонтуу керек деп айтышы мүмкүн. Бейтаптардын бул тобу элге коркунуч жаратат. Алар оорунун булагы болуп саналып, вирусту массалык түрдө жайылтып жибериши ыктымал. Биз симптому жокторду да стационарга жаткырып, бир нече ирет анализ алып, анан чыгарабыз. Андан кийин эки жума үй карантининде болушат", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1936га жетти. Анын ичинен 1340 адам айыгып, 22си каза болду.

53
Белгилер:
анализ, коронавирус, Нурболот Үсөнбаев, КР Саламаттык сактоо министрлиги
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өлкөнүн үч аймагындагы алты медиктен коронавирус табылды
Кызынан жуккан. Министрлик COVID-19дан көз жумган аялдар боюнча маалымат берди
Бейтаптын колундагы пульсометр. Архивдик сүрөт

Кызынан жуккан. Министрлик COVID-19дан көз жумган аялдар боюнча маалымат берди

98
(жаңыланган 10:42 05.06.2020)
Каза болгондордун биринде кант диабети, жүрөк оорусу сыяктуу өнөкөт илдеттери болсо, экинчиси ак кан дартына чалдыккан.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда акыркы суткада коронавирус жуктуруп каза болгон эки аял вируска кандай чалдыкканы жана алардын кандай илдеттери болгонун айтып берди.

Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Бишкек шаарында бир жана Ош облусунда бир аялдын каза болгону айтылды

“Бишкек шаарынын 82 жаштагы тургуну вирусту кызынан жуктуруп алганы 30-май күнү аныкталган. Кызы "Автомаш-Радиатор” заводунда иштеп, илдетке чалдыккан экен. Маркумдун кант диабети, жүрөк оорусу жана кан басымы жогору болгондуктан вирусту көтөрө албай калды”, — деди Үсөнбаев.

Ал эми экинчи бейтап ооруган адамдар менен байланышта болгон. Өзүнүн мурдагы ак кан илдетин вирус күчөтүп жиберген.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус аныкталып каза болгондордун саны 22 кишиге жетти.

98
Белгилер:
оорукана, аял, өлүм, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстанда коронавирустан эки аял каза болду
Четтен келгендер бар. Бүгүн 37 кишиден коронавирус чыкты
Көбү Нарындан. Кыргызстанда коронавирустан 48 бейтап айыкты
Өлкөнүн үч аймагындагы алты медиктен коронавирус табылды