Кыргызстанда коронавирустан 20 бейтап айыкты

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүКонцерт для медиков инфекционного госпиталя ФСНКЦ ФМБА России в Красноярске
Концерт для медиков инфекционного госпиталя ФСНКЦ ФМБА России в Красноярске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү азыр күчүндө.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 20 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ушуну менен өлкөдө коронавирустан сакайгандардын саны 949га жетти.

"Сакайгандардын ичинен тогузу Бишкек шаарынан, жетөө Нарындан, экөө Жалал-Абад облусунан, бирөө Баткенден, бирөө Ысык-Көлдөн. Баарынын кайталап алынган анализи таза чыкты", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 1350 адамга жукту. Анын ичинен 949 бейтап айыкса, 14 киши каза болгон.

Медициналык кызматкер айдоочунун температурасын блокпостто текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абал бүтөрү менен жаңы эрежелер кирет. Чектөөлөрдүн тизмеси
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал менен кенен Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан да таанышсаңыз болот. 

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0