Ак-Талаага барган кызматкер окуучуларга вирус жуктурган. Министрлик эскертүү берди

© Sputnik / Анастасия Макарычева / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басарынын айтымында, оорунун белгиси билинбей же өтө катуу болбосо, адам өзү байкабай башкалар менен байланышып жүрө берет.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгондор көп болгондугу үчүн оору азайбай жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Ал адамдар бири-бири менен көрүшкөндө аралыкты сактабай жатканын белгиледи.

"Бүгүн бир маселеге токтоло кетейинчи, оорулуулардын саны азайбай койду. Күндө 48, 30, 35тен чыгып жатат. Анын себеби байланышта болгон адамдардын саны өтө көп болуп жатканында. Алар айтылган талаптарды аткарбай жатышат. Оорунун белгиси билинбей же өтө катуу эмес болгондо, адам өзү байкабай башкалар менен байланышып жүрө берет. Аралыкты сакташ керек", — деди министрдин орун басары.

Үсөнбаев бул маселеге байланыштуу мисал дагы айтып берди.

"Нарын облусунда кызматтагы адам башка районго каттайт, тагыраагы, Ак-Талаа районуна иш боюнча барганда ар ким менен байланышып, бир топ адамга жуктурган. Арасында 74 жаштагы киши, мектеп окуучулары бар. Бир киши бир нече адамга жуктуруп коюп жатат. Көңүл кош мамиле жасабайлы. Аралыкты сактап, гигиена талаптарын аткаралы", — деди ал.

Коронавирус кесепети

Концерт для медиков инфекционного госпиталя ФСНКЦ ФМБА России в Красноярске - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирустан 20 бейтап айыкты
Кыргызстанда коронавирус жалпы 1350 адамга жукту. Анын ичинен 949 бейтап айыкса, 14 киши каза болгон.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал менен кенен Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан да таанышсаңыз болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0