Кыргызстанга сырттан канча киши вирус алып келди. Министрликтин жообу

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Манас аэропортундагы учак. Архив
Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, жарандар аралыкты сактамайынча вирус жуктуруунун саны азайбайт.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанга сырттан канча киши коронавирус алып келгенин айтып берди.

  • Бишкек шаары: жалпы жуктургандар — 348, анын ичинен 52си сырттан келгендер. Ооругандар менен байланышта болгондор — 727 киши;
  • Чүй облусу: жуктургандар — 108, сырттан келгендер — 25. Ооругандар менен байланышта болгондор — 808 киши;
  • Ош шаары: жалпы — 132, сырттан келгендер — 10. Ооругандар менен байланышта болгондор —1153 киши;
  • Ош облусу: жалпы — 201 учур, 120сы — сырттан келгендер. Ооругандар менен байланышта болгондор — 1244;
  • Нарын облусу: жалпы — 242, анын ичинен үчөө сырттан келгендер. Ооругандар менен байланышта болгондор — 1565.
“Биз аралыкты сактабай жатабыз, ошол үчүн жуккандардын саны азайбай келет. Ар бирибиз дарыгерлердин талабын аткармайынча вирус токтобойт”, — деди Үсөнбаев.

Коронавирус кесепети

Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак-Талаага барган кызматкер окуучуларга вирус жуктурган. Министрлик эскертүү берди
Кыргызстанда коронавирус жалпы 1350 адамга жукту. Анын ичинен 949 бейтап айыкса, 14 киши каза болгон.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал менен кенен Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан да таанышсаңыз болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0