Мамбеталиев: пенсия 28-майга чейин толук таратып берилет

Жазылуу
Кыргызстандагы коронавирус абалынан улам буга чейин да пенсия төлөмү үзгүлтүккө учурайбы деген кооптонуу жаралып, ага өкмөт жооп берген.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Өлкөдө "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери 61 000 жаранга пенсиясын тараткан, калганы 28-майга чейин толук алат. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев брифинг учурунда билдирди.

"Бүгүнкү күндө 170 миллион сом көлөмүндөгү пенсия Кыргызстандагы 61 000 пенсионерге таратылды. Калган 18 пайызына 28-майга чейин төлөп берилет. Каржы министрлиги акча бөлгөн. Азыр пенсионерлер буга тынчсызданбашы керек", — деди Мамбеталиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: башкача буруп жиберишкен. Милиция менен күч түзүмдөрү компенсация алат
Кыргызстандагы коронавирус абалынан улам буга чейин да пенсия төлөмү үзгүлтүккө учурайбы деген кооптонуу жаралып, ага өкмөт жооп берген

Чыгымдардын кыскарышы бюджеттин корголгон беренелеринин 110 миллиард сом өлчөмүндөгү каражатын төлөөгө таасирин тийгизбей турганы, анын ичинен пенсия өз учурунда төлөнөрү айтылган.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 1350 адамга жукту. Анын ичинен 949 бейтап айыкса, 14 киши каза болгон.

Өлкөдөгү абал менен кенен Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан да таанышсаңыз болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0