Алматы шаарында полиция көзөмөл өткөрүү пунктунда кыймылга чектөө киргизилген. Архив

Оренбургдан келе жаткан мекендештердин жетөө чек арадан өтө албай калды

644
(жаңыланган 15:06 22.05.2020)
Кыргызстандын бийлиги уюштурган тогуз автобус менен мекенге 417 киши жөнөтүлгөн. Анын 410у чек арадан өтүп, калганы документтеринен улам өтө албай калган.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Оренбург облусунун Бузулук районунан келе жаткан мекендештердин үчөөнү Россия чек арасы, төртөөнү казак тарап өткөрбөй койгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Кыргызстандын бийлиги уюштурган тогуз автобус менен мекенге 417 киши жөнөтүлгөн. Анын 410у чек арадан өтүп, калганы документтеринен улам өтө албай калган.

"Россиянын чек арасынан үч адам өтпөй калды, ал эми казак чек арасында төртөө калды. Анткени алар Тажикстандын жарандары болгон. Казак чек арасынан өткөндөр ал өлкөнүн шарты боюнча текшерилип, андан кийин аларга маалым кат берилген. 12 айдоочу автоунааларын атайын унаа ташыган транспортко жүктөп, өздөрү автобуска түшүп кетишти. Калгандары мурдагы жашаган жерине кайтышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик Оренбург облусунун аймагында, анын ичинде Соль-Илецк шаарында жана Бузулук районунда Кыргызстандын жарандары калбаганын баса белгиледи.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 1350 адамга жукту. Анын ичинен 949 бейтап айыкса, 14 киши каза болгон.

644
Белгилер:
мекендештер, чек ара, Казакстан, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиядагы элчилик кыргызстандыктар үчүн маанилүү маалымат таратты
Узбекистан желеги. Архив

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр. Коңшу өлкөнүн ТИМи үн катты

80
(жаңыланган 17:41 01.06.2020)
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Чечме айылындагы суу Өзбекстандын да, Кыргызстандын да элин камсыз кыларын кошумчалаган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кадамжайдагы кыргыз-өзбек чек арасында болгон чыр боюнча Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги расмий билдирүү жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

"Эки өлкө жарандарынын ортосундагы чыр Чечме айылындагы булакты тазалоо учурунда келип чыкканы маалым болду. Эки тарапта тең жабыркагандар бар. Аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кыргыз-өзбек чек арасындагы облустардын жетекчилери сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында кырдаал көзөмөлгө алынды. Тараптар эми тазалоо иштерин макулдашуусу жок өткөрбөйт", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик Чечме айылындагы суу Өзбекстандын да, Кыргызстандын да элин камсыз кыларын кошумчалады.

"Эки жактын тең кызыкчылыктарын эске алуу менен булактын суусун чогуу колдонуу боюнча келишим бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районундагы чек ара айылдарынын жашоочулары менен жолугушту.
© Фото / / Пресс-служба правительства КР
Эске салсак, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районуна караштуу Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Андан 25 киши жаракат алып, ооруканада жаткан төрт адамдын экөөсүнүн абалы оор экени айтылган.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Баткен облусундагы "Чечме" өткөрмө пунктунда Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушуп, чек арага жакын аймактагы элдин кечээки жаңжалын талкуулаган.

80
Белгилер:
Суу, Чыр-чатак, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема:
Чечме айылындагы чек арадагы кыргыз-өзбек чатагы
Тема боюнча
Министрлик: Баткендеги чек ара чатагынан 15 киши жаракат алды
Тиричилик техника дүкөнү. Архив

Бишкекте 1-июндан баштап иштей баштаган тармактардын тизмеси

102
(жаңыланган 16:05 01.06.2020)
Карантиндик чектөөлөрдөн улам жабылган компаниялар 1-майдан тарта акырындык менен ишин кайрадан жанданта баштады. 1-июндан тарта дагы бир канчасы кардарларга эшигин ачат.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов борбор калаада 1-июндан баштап кайсы тармактар ишке кирерин айтып берди.

Алар:

  • Элдик керектөө товарларын жана азык-түлүк товарларын өндүрүү, сатуу боюнча иш-аракеттердин бардык түрлөрү;
  • Тиричилик тейлөө чөйрөсүндөгү иш-аракеттердин бардык түрлөрү;
  • Аудитордук жана консалтингдик компаниялар;
  • Жарнамалык агенттиктер;
  • Туристтик жана рекреациялык объектилер (эс алуу үйлөрү, пансионаттар, тарыхый объекттер), жеке унааларда жүрүү шарттарында;

Карантиндик чектөөлөрдөн улам жабылган компаниялар 1-майдан тарта акырындык менен ишин кайрадан жанданта баштады. 1-июндан тарта дагы бир канчасы кардарларга эшигин ачат.

102
Белгилер:
карантин, мэрия, экономика, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Министр: Бишкек — Оштун ортосунда авиакаттам жумасына бир эле жолу болот
Бишкекте санитардык тартип бузулса кимге билдирүү керек. Номерлер