Жыштык сатуу чыры: УКМК кызматкерлери баш болуп 5 киши кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековТүзөтүү колониясында туруктуу телефон. Архив
Түзөтүү колониясында туруктуу телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жыштык сатуудагы коррупция боюнча Аскер прокуратурасы менен УКМКнын ведомстволор аралык тобу иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жыштык сатуудагы коррупциялык иштерге тиешеси бар делип Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) эки, Мамлекеттик байланыш агенттигинин бир жана "Ала-ТВ" компаниясынын бир кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Наргиза Куватова билдирди.

"Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупциялык иштер боюнча материал 7-апрелде каттоого алынган. 12-май күнү ведомствонун мурдагы директору кармалган. Кийин дагы УКМКнын эки, агенттиктин бир жана "Ала-ТВ"компаниясынын бир кызматкери колго түшүрүлдү", — дешти маалымат кызматтан.

Учурда Аскер прокуратурасы менен УКМКнын ведомстволор аралык тобу иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Депутат ЖК Жанарбек Акаев - Sputnik Кыргызстан
Жанар Акаев: өкмөт 5 млрд сомдук жыштыктарды 1700 сомго сатып жиберген
Эске салсак, Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова уюлдук оператордун бири жана Маалыматтык технологиялар комитетинин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен 12-майда кармалган. Башкы прокуратура ал мамлекетке зыян келтиргенин билдирген.

Кийин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев эки жыштык 1 000 жана 700 сомго сатылып кеткенин айтып, мындай чечим өкмөт башчынын тиешеси жок кабыл алынбайт эле деген пикирин билдирген.

Ал эми кечээ, 21-май күнкү, парламент жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыштык сатуудагы коррупция боюнча ишке анын тиешеси жок экенин белгилеп, депутат окуяны саясатташтырып жатат деген оюн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0