Кош бойлуу, операция болгон 22 кыргызстандык Екатеринбургдан алып келинди

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Екатеринбургдан 22 кыргызстандык жаран учуп келип Бишкек шаарына конду
Екатеринбургдан 22 кыргызстандык жаран учуп келип Бишкек шаарына конду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учак менен алып келингендердин арасында операция болгон, сыркоологон бейтаптар жана ай-күнү жакындап калган кош бойлуулар да бар.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Екатеринбургдан 22 кыргызстандык жаран учуп келип Бишкек шаарына конду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Екатеринбургдан 22 кыргызстандык жаран учуп келип Бишкек шаарына конду
Кош бойлуу, операция болгон 22 кыргызстандык Екатеринбургдан алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Екатеринбургдан 22 кыргызстандык жаран учуп келип Бишкек шаарына конду

Билдирүүгө ылайык, 22-май күнү “Урал аба жолдору” авиакомпаниясынын бир учагы “Екатеринбург — Бишкек — Екатеринбург” каттамы менен Кыргызстандан Россиянын жарандарын алып кетүү үчүн учуп келген.

”Эки тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ал каттам менен Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Санкт-Петербург жана Ханты-Мансийскиден КРдин 22 жараны алып келинди. Алардын арасында операция болгон, сыркоологон бейтаптар жана ай-күнү жакындап калган кош бойлуулар бар”, — деп айтылат маалыматта.

Республикалык штаб учак менен келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүп, обсервацияга жайгаштырыла тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0