Куруучу жумуш учурунда. Архив

Ошто памирлик кыргыздарга үйлөр курула баштады

507
(жаңыланган 19:23 22.05.2020)
Учурда Ошко Улуу жана Кичи Памирден келген 11 үй-бүлө Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү Алимсеитов мектебинин эски имаратында жашап жатат.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Ош облусунун Алай районунда жана Нарын облусунда жашап жаткан памирлик кыргыздарга үйлөр курула баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

  • В Алайском районе Ошской области началось строительство домов для памирских кыргызов
    Ош облусунун Алай районунда жана Нарын облусунда жашап жаткан памирлик кыргыздарга үйлөр курула баштады
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Строительство домов в Ошской области для памирских кыргызов
    21-майда, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Алай районунун Талды-Суу айылында памирлик кыргыздар үчүн курулуп баштаган үйлөрдөн кабар алды
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Строительство домов в Ошской области для памирских кыргызов
    Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 10 миллон сом бөлүнгөн. 1,5 гектар аянтка жети үй курулат
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 3
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Ош облусунун Алай районунда жана Нарын облусунда жашап жаткан памирлик кыргыздарга үйлөр курула баштады

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-майда, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Алай районунун Талды-Суу айылында памирлик кыргыздар үчүн курулуп баштаган үйлөрдөн кабар алды. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 10 миллион сом бөлүнгөн. 1,5 гектар аянтка жети үй курулат.

Андан соң Узарбек Жылкыбаев Алайга көчүп келген памирлик кыргыздарга барып жолугуп, азык-түлүктөр таратылды.

Эске сала кетсек, учурда Улуу жана Кичи Памирден келген 11 үй-бүлө Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү Алимсеитов мектебинин эски имаратында жашап жатат.

Буга чейин Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Даанышбек Кеңешов ар бир үй 4 бөлмөлүү болуп, узундугу 11 метр жана туурасы 9,60 метрди түзө турганын билдирген.

507
Белгилер:
жардам, үй, памирлик кыргыздар, Ош
Тема боюнча
Өкмөт айрым органдардын кыскартылчу чыгашасын кайтарып берди. Тизме
Кош бойлуу, операция болгон 22 кыргызстандык Екатеринбургдан алып келинди
Кыргыз-казак чек арасындагы Акжол көзөмөл-өткөрүү пункту. Архивдик сүрөт

Казакстанга өткөрчү "Акжол" бекетинде ремонт качан бүтөрү айтылды

5
(жаңыланган 20:02 01.06.2020)
Долбоорду ишке ашырууга 127 жумушчу жана 15 даана техника тартылган. Өткөрүү пунктундагы реконструкция болуп жаткан жердин аянты 3,5 гектарды түзөт.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Акжол" көзөмөл-өткөрүү пунктундагы ремонт иштери жыл аягына чейин бүтөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги Казакстандын индустрия жана инфраструктура министрлигине таянып кабарлады.

"Кийинки жылы Кордайдын (кыргыз тарабы "Акжол" деп айтылат — ред.) өткөрүү мүмкүнчүлүгү кеңейип, бир суткада 23 миң киши менен 2500 автоунаа өткөрө баштайт. Жөө адамдар өткөн жер реконструкцияланып, 137 метрге чейин кеңейтилди. Мындан сырткары өткөрмө терминал, көзөмөлдөн өткөргөн пункт, чек ара кызматынын имараты дагы ремонттолуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматына ылайык, адистерге бул жылы инспекциялык-кароо комплексинин курулуш иштерин аткарып бүтүү тапшырмасы да коюлган.

Долбоорду ишке ашырууга 127 жумушчу жана 15 даана техника тартылган. Өткөрүү пунктундагы реконструкция болуп жаткан жердин аянты 3,5 гектарды түзөт.

"Акжол" жана "Кордай" көзөмөл өткөрүү пункттары ремонтко ушул жылдын февраль айында жабылган. Азыркы тапта ал жактан жөө адамдар гана таңкы саат 6:00дөн 24:00гө чейин өтө алышат. Транспорт жакынкы өткөрмө бекеттерден өтүүдө.

5
Белгилер:
реконструкция, пункт, өткөрмө, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз-өзбек чек арасынан жүк эки пункттан гана өткөрүлмөй болду
Токтогулдагы абактын ремонт жасалгандан кийинки көрүнүшү
Турак жайдын кире беришин дезинфекциялоо. Архив

Короо кыдырып... Бишкекте коронавирусту аныктоо үчүн сурамжылоо башталды

23
(жаңыланган 18:59 01.06.2020)
Медицина кызматкерлери үчүн короо-жайларга жана үйлөргө кирүүгө катуу тыюу салынган. Сурамжылоону эл каттоо менен алмаштырып албоо да эскертилди.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясына караштуу Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын директору Бактыгүл Исмаилова коронавирусту аныктоо максатында калаадагы короолорду кыдыруу иштери башталганын айтты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Исмаилованын айтымында, бул ишке квартал, көчөлөрдө жашаган улуулар, турак жай активисттеринен турган бригадалар тартылып жатат. Сурамжылоого медиктер да катышат.

"Адамдар ооруп, дене табы көтөрүлүп, дем алуусу кыйындап, жөтөлүп жатса да медициналык жардамга кайрылбай жатышат. Ооруган адамдар жумушуна барып, коомдук жайларда болуп, качан гана оорунун белгилери курчуй баштаганда 118 номерине чалышууда. Мобилдик бригадалар барган учурда айрым бейтаптардын ПЦР-тесттери оң болуп чыгып жатат", — деди Исмаилова.

Ал медицина кызматкерлери үчүн короо-жайларга жана үйлөргө кирүүгө катуу тыюу салынганын кошумчалады. Ошондой эле сурамжылоону эл каттоо менен алмаштырып албоого чакырды.

"Эл каттоо менен медициналык каттоону чаташтырбоо керек", — деди Исмаилова.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1817 болду. Анын ичинен 1181и айыгып, 16сы көз жумган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

23
Белгилер:
сурамжылоо, коронавирус, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекте 1-июндан баштап иштей баштаган тармактардын тизмеси