УКМК: Шадиевдин жубайы кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга шектелүүдө

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАял конференцияга катышып отурат. Архив
Аял конференцияга катышып отурат. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук коопсуздук кызматынан алардын мүлкү, каражаты декларациясында көрсөтүлгөн көлөмдөн ашып кеткенин айтышты.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин аялы күйөөсүнүн кылмыштуу кирешелерин мыйзамдаштырган деп шектелүүдө. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Учурда УКМК Шадиевдин өзүнчө бир топ менен сүйлөшүп алып, кылмыштуу кирешелерин мыйзамдаштырган деп шек жараткан ишти иликтеп жатат. 

"2010-жылдан 2017-жылга чейин А. Шадиев мүлктүн келип чыгышынын кылмыштуу булагын жашыруу максатында аялы Асел Шадиеванын атына каттатып, ал кирешелерге мыйзамдуу форма бергени аныкталды", — деп айтылган маалыматта.

Мындан улам алардын мүлк-каражаты декларациясындагы маалыматтан ашып кеткени айтылган.

"Муну менен катар эле аларга тиешелүү болгон активдер менен кирешелер бирдиктүү салык декларациясындагы ошол мезгилдеги көрсөтүлгөн суммадан алда канча көп болуп чыкты", — деп билдирди УКМК.

Шадиевди ким качырган? Жогорку Кеңештеги талаштын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Шадиевди ким качырган? Жогорку Кеңештеги талаштын видеосу
Улуттук коопсуздук кызматы чогултулган маалыматтардан улам Шадиевдин жубайынын кылгандарына юридикалык баа берилгенин кабарлады.

"Топтолгон материалдар Асел Шадиеванын кылмышты кошо жасоого, тагыраагы, кылмыштуу кирешени адалдоого катыштыгы бар экенин көрсөтүп турат. Мындан улам тергөө тарабынан анын кылган иштерине юридикалык баа берилди", — деп айтылган маалыматта.

Кылмыш процессуалдык кодекстин 18-беренесине ылайык, сот өндүрүшү тараптардын талашы (далил тартышы) жана укуктардын тең каралышынын негизинде жүрүшү керектиги айтылган.

"Буга байланыштуу эгерде Асел Шадиева актай турган далилдерди каралган тартипте көрсөтүп жана тиешелүү түшүндүрмөсүн берсе дурус болмок. Себеби муну кылмыш процессуалдык мыйзамдары талап кылат", — деп УКМК билдирди.

2009-2010-жылдарда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдердин VIP-шаарчасы кантип сатылган? 2,5 жыл иликтенген иштин чоо-жайы
2018-жылдын апрель айынын соңунда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, камакка алуу өкүмүн чыгарган.

Шадиев өзүнө кылмыш иши козголгондон кийин, 2018-жылдын 28-апрелинде Хожент — Москва каттамы менен учуп кеткенин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирген. Андан ары КР дипломаттык паспортун колдонуп, Нью-Йорк шаарына кеткен.

Шадиевдин үй-бүлөсүнүн мүлкү камакка алынган, ал эми өзүн сырттан камоо чечими чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0